«Келечек-Будущее» партиясынын талапкери көп аялдуулукту колдогондордун добушун алгысы келгенби?

Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан «Келечек-Будущее» партиясынын талапкери Назира Абдыкаимова партия көп аялдуулукту мыйзамдаштырууну демилгелей турганын айтып чыкты. Анын бул билдирүүсү коомчулукта сынга кабылып, Абдыкаимова айткандары үчүн түшүндүрмө берүүгө, ал эми партиянын лидери, депутат Чыңгыз Макешов актанууга аргасыз болду.

«Клооп» Абдыкаимованын көп аялдуулук боюнча айткандарын карап чыгып, анын сөздөрүндөгү бири-бирине карама-каршы келген жагдайларды аныктады.

Абдыкаимованын талаштуу билдирүүсү

Назира Абдыкаимованын видеосу партиясынын расмий баракчасында талапкердин «Биз эки аялдуулукка макулбуз» деген цитатасы менен 1-июлда жарыяланды.

Анда Абдыкаимова өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу жаш балдар менен аялдар көйгөйлөргө туш болуп атат деп, алар катталбаган никелер, документи жок балдар деген. Ошол эле учурда ал бул маселелерди «эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу чечет» деп айткан.

«Биздин “Келечек-Будущее” партиясы катталбаган никелерди каттоону жана документи жок балдарга документ берүүнү көздөө максатында ушундай мыйзамды [эки аялдуулукту мыйзамдаштырууну] мамлекеттик деңгээлде киргизүүгө демилге көтөрүп жатабыз», — деген ал.

Абдыкаимова өзү теолог-эксперт, «Кыргызстандын аялдары жана жаштары» коомдук бирикмесин жетектейт. Партиянын тизмесинин №3 катар номурунда шайлоого аттанып жатат.

АШК мыйзам бузуу тапкан жок

Аталган тема социалдык тармактарда талкууга алынып, көпчүлүк терс пикирин айткан. Ал эми Бишкек шаардык кеңешине аттанып жаткан «Реформа» партиясы «Келечек-Будущее» шайлоо мыйзамдарын бузганын айтып Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылган.

Анда «Реформа» партия аталган кайрылуусу менен көп аялдуулук Жаза кодекси боюнча кылмыш болгонуна карабастан, шайлоочуларды кылмышты жасоого үндөгөнүн белгилеген.

Ошондой эле Баш мыйзамдын 24-беренесине ылайык, «Келечек-Будущее» көп аялдуулукту пропаганда кылуу менен дискриминацияга жол берип, аялдарды басынтканы айтылган.

Анткен менен Бишкек АШКсы арызды карап чыгып, шайлоо алдында үгүт жүргүзүү эрежелери жана тартиби жаатында шайлоо мыйзамдары бузулбагандыгын билдирди.

Ал арада «Келечек-Будущее» расмий баракчасында видеонун аталышын «Назира Абдыкаимованын пикири» деп өзгөрткөнгө жетишти. Ал эми партиянын лидери, депутат Чыңгыз Макешов да видео кайрылуу жасап өзү парламентте «көп аялдуулук боюнча» мыйзам долбоору добушка коюлса колдобой турганын айтып, аны мыйзамдаштыруу талапкердин гана жеке пикири деп актанды.

«Мен жолдошумдун биринчи жана акыркы аялымын»

Ошол эле учурда талапкер Назира Абдыкаимова өзү да «Келечек-Будущее» партиясынын фейсбуктагы расмий баракчасынан түз эфирге чыгып чуу жараткан билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берген.

Бирок анын позициясын так түшүнүү мүмкүн эмес. Алгачкы сөзүн ал «Биз өзүбүзгө көңүл бурдургубуз келген жана муну ишке ашыра алдык» деп баштаган.

Бирде эки аял менен жашыруун жашаган учурда биринчи үй-бүлө бузулат, үй-бүлө иниституту урайт деп айткан. Бирде эркин мамилелер көбөйүп кеткенин, анын айынан аборттор да көбөйгөнүн айтып сынга алган. Анткен менен эркин мамилелер менен көп аялдуулук эки башка маселе экенин талапкер айырмалаган эмес.

«Албетте, мунун кесепетинен никесиз балдар төрөлөт же аборттор жасалат. Аборттон кийин аялдар балалуу боло алышпайт. Аялдын ден соолугу начарлай баштайт. Анын коомдук иштери аксайт. Биз ушул маселелерди көтөрөйүн дегенбиз», — деп актанууга аракет кылган ал.

Абдыкаимова түз эфирдин жүрүшүндө аталган тема талкууга алынгандан улам «биздин элдин социалдык жоопкерчилиги бар болгонуна кубанып жатам» деген. Ошондой эле алар элдин пикири менен эсептешерин жана бул маселелси сөзсүз чогуу чечишибиз керек деген.

Көп аялдуулук жаш балдар менен аялдардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечет деген талапкер өзү «жолдошунун биринчи жана акыркы аялы» экенин белгилейтю.

«Мен жолдошумдун биринчи жана акыркы аялымын. Төрт балам бар, бактылуумун. Биздин башка мекендештерибиздин да ушундай эле жакшы турмушу болуусун каалайт элем. Бизде баары жакшы болсо эле үй-бүлөсүндө көйгөйү барларга жардам бербеш керек дегени эмес. Биз жардам берип, бактылуу коомду тарбиялашыбыз керек», — деген ал.

Абдыкаимова өзүнүн үй-бүлөсүн үлгүлүү деп эсептесе, эмнеге көп аялдуулукту жактап жатканы анчейин түшүнүктүү боло бербейт. Ал эми 5-июлда түштөн кийин түз эфир да, Абдыкаимованын билдирүүлөрү да өчүрүлдү. Партия мындай кадамга Бишкек АШКсынын сунушунан улам барганын айтты.

Абдыкаимованын убадасы эмнеге ишке ашпайт?

Биринчиден, аталган партия Бишкек шаардык кеңешине аттанып жатат, парламенттке эмес. Анын партиясы шайлоодо жеңишке жетсе да Абдыкаимованын көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча ою ишке ашпай калат. Анткени шаардык кеңештин депутаттары мыйзам долбоорлорун сунуштай алышпайт жана кабыл алышпайт.

Анын үстүнө партиянын лидери Чыңгыз Макешов мындай мыйзам долбоорун колдобосун ачык эле айтты.

Саясий эксперт Эмиль Джураев бул кайрылууну «партиянын көп аялдуулукту колдогон кишилердин добушун алууга аракети» деп баалады.

«Менимче чындыгында бул башынан эле жеке талапкердин демилгеси болгон болушу керек. Оболу партиянын атынан сүйлөгөнгө аракет кылып коомдук реакцияны көргөндөн кийин четтегенге аракет кылды. Азыр биздин коомдо ушул сыяктуу маселелерге, баалуулуктарга карата ар кандай талкуулар жүрүп жатат. Партия стратегиясы менен бул көп аялдуулукка жакын [аны колдогон] кишилердин добуштарын алууга аракет жасады деп баалайм. Бул коомдо талкуу-талаш жараткан маселе бойдон калууда. Негизи шаардык кеңештин депутаттарынын мындай маселелерге тиешеси деле жок», — деди ал.