Сүрөт: Казакстанда Назарбаевдин дагы эки айкели ачылды

Казакстандын президенттик аппаратынын басма сөз кызматы 3-июлда борбор калаа Нур-Султанда өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин жаңы айкели ачылганын билдирди. Учурдагы өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев айкелдин ачылыш аземине катышты.

Токаев белгилегендей, жыл сайын Шаар күнүнө карата калаанын руханий келбетин көрктөндүргөн жаңы комплекстер курулууда. Ал өткөн жылы Елбасынын Китепканасынын музейи курулганын, ал эми анын жанында ачылган сейил бак шаардыктардын жакшы көрүп эс алган жайына айланганын эске салды.

Түркстанда 3-июль күнү Назарбаевдин дагы бир эстелиги ачылган. Колодон жасалган айкелдин бийиктиги 4 метр, ал жөнөкөй элдин ичинен чыккан дүйнөлүк деңгээлдеги адамды чагылдырат.

Майдын аягында, Назарбаевдин Түркстанда орнотула турган айкелинин сүрөтү соцтармактарда чыкканда анын басма сөз катчысы Айдос Укибай айкелди орнотуу идеясын тунгуч президент жактырбаганын билдирген. Бирок дал ушул монумент 3-юлда Түркстанда ачылды.

Мындан туура бир жыл мурда Нур-Султанда Назарбаевдин биринчи эстелиги орнотулган. Ал Нурсултан Назарбаев атындагы университетке коюлуп, ачылышына Токаев катышкан.

Сүрөт: Информбюро \ Акордо. 

Нурсултан Назарбаев Казакстандын биринчи президенти болгон, ал өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарган. Назарбаев кызматынан 2019-жылы мартта кеткен.

Президенттик кызматтан кеткенденден кийин Назарбаев Казакстандын коопсуздук кеңешин башкара баштаган. Бул кызматты ал өмүр бою аркалай алат, буга байланыштуу мыйзамды парламент 2018-жылы майда кабыл алган.