Супермаркеттерде өсүмдүк майы менен кумшекердин баасы арзандады — Мамантимонополия

Мамантимонополия агенттиги «Фрунзе», «Глобус» жана «Народный» ири соода түйүндөрүндө кумшекердин жана өсүмдүк майынын баалары арзандаганын билдирди.

Аталган супермаркеттерде кумшекердин баасы киллограмына 62-63 сомдон 55 сомго чейин төмөндөгөн. Өсүмдүк майынын арзандашы анын түрүнө жараша бир литри үчүн 15 сомдон 20 сомго чейин түзөт.

Ведомстводон белгилешкендей, 24-июнда министрлер кабинети токтом кабыл алган, ага ылайык, Кыргызстандын аймагына киргизилип жана сатылып жаткан кумшекер менен өсүмдүк майына КНСтин нөлдүк коюуму колдонулат. Документ 1-июлдан тартып 31-августка чейин күчкө ээ.

Мамантимонополиядан кошумчалашкандай, баалардын кызыл кулактыгы базарларда байкалууда.

«Жакын арада базарларда, башка соода түйүндөрү менен дүкөндөрдө анмонополиялык чаралар көрүлөт», — деп билдиришти мекемеден.

Кыргызстанда азык-түлүк баасын жөнгө салуу

2021-жылдын май айында министрлер кабинети социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизген. Анда бийлик өсүмдүк майы менен кумшекерге, алардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн 90 күндүк максималдык үстөк белгилей турганы кабарланган.

Мурдараак министрлер кабинети кумшекер менен өсүмдүк майын экспортко чыгарууга тыюу салган. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө кумшекердин 56%ы атамекендик өндүрүүчүлөр тарабынан өндүрүлөт, калган 44%ы коңшу өлкөлөрдөн киргизилет. Буга байланыштуу Орусия, Казакстан жана Тажикстанда баалардын өсүшү Кыргызстанга да таасир этет.

Министрлер кабинети 2020-жылы да социалдык жактан маанилүү товарларга 90 күндүк мамлекеттик жөнгө салуу киргизген болчу. Анда чектөөлөр ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, каймак майы, эт, кумшекер, күрүч, макарон, тоок жумурткасы жана картошкага тиешелүү болгон.

Мыйзамга ылайык, бийлик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн, табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө (электр жана жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, темир жол ташуу кызматы, аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөр, аэропорттордун кызмат көрсөтүүлөрү, борбордук суу менен жабдуу жана канализация) жана социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнүн бааларына карата гана мамлекеттик жөнгө салуу киргизе алат.

Баалардын мамлекеттик жөнгө салуусу эгерде бир айдын аралыгында баалар 20%дан жогору көтөрүлүп кетсе киргизилет. Бул калктын социалдык жактан аялуу катмары да турмуштук муктаждыктарын канааттандырып алуусу үчүн керек. Социалдык маанилүү товарлардын тизмеси да өмөттарабынан бекитилет.