Алымкадыр Бейшеналиев Оштогу стационардан кабар алып, медиктер менен сүрөткө түштү

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ош шаарындагы «Навои» мектебинде жайгашкан стационардан кабар алды. Бул тууралуу шаардык клиникалык оорукананын басма сөз кызматы 6-июлда кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр коронавируска каршы уюштурулган стационардын иши менен таанышып, медиктер менен жолуккан. Бирок журналисттерге Бейшеналиевдин келгени тууралуу кабар берилген эмес.

Ош шаардык клиникалык оорукананын фейсбуктагы аккаунтунда министр жолугушуудан кийин медицина кызматкерлери менен түшкөн сүрөттөрү да жарыяланды.

Ушул тапта калаадагы ооруканаларда 248 бейтап, ал эми үй шартында 772 киши дарыланып жатат. Июнь айында коронавирус Ош шаарында кескин жайылгандыктан «кызыл аймактардын» катарына кирген.

Ал эми «Навои» мектебинде стационар июндун башылда ачылган. Ага күн сайын 700дөй бейтап кайрылып, тиешелүү жардам алып жатат.

17-июнда Алымкадыр Бейшеналиев Нарын шаарындагы инфекциялык оорукананын ачылыш аземине катышкан. Анда майыптар коомунун мүчөлөрү министрди «сүрөткө түшкөнү келдиң беле» деп уяткарышкан.

Окуяга күбө болгон «Клооптун» кабарчысы Дилде Шатанова Бейшеналиевге тургундар арыз-муңун айтып берүүнү каалаганда, ал башка бирөөлөр менен сүрөткө түшүүгө камынып жатканы аларга жакпай, аны сынга алышкан деп түшүндүргөн.

Тема боюнча:

Нарында саламаттык сактоо министрин «сүрөткө түшкөнү келдиң беле» деп уяткарышты