Текебаев: Кыргызстандын жаранынын уурдалышы өлкөнүн суверендүүлүгүнө кол салганга тете

Өмүрбек Текебаев, архивдик сүрөт

Саясатчы Өмүрбек Текебаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу Орхан Инандынын Түркиянын Мамлекеттик чалгын уюму тарабынан уурдалышын «Кыргызстандын суверендүүлүгүнө жана мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет» деп баалады.

«Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болуш керек. Анткени кыргыз жарандарынан кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли — мамлекеттин негизи», — деди ал.

Текебаев Орхан Инанды «Кыргызстандын жараны жана билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон инсан» деп белгилеп, Конституциянын бардык редакциясында мамлекет өз жарандарын коргошу керектиги жазылганын эскертти.

Ошондой эле ал бул окуяга кыргыз бийлиги тарабынан тез арада адекваттуу баа берүүнү жана Кыргызстан тараптан күнөөлүү адамдар болсо алардын аракетине юридикалык чара көрүүнү талап кылды.

«Эртең, ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек», — деп жыйынтыктады ал.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан кыргызстандын жараны, «Сапат» билим берүү мекемелеринин негиздөөчүсү Орхан Инанды террорчуларга каршы операциянын алкагында өлкөгө алынып келингенин түз эфирде жар салды.

Ал учурда Инандынын сүрөтү да жарыяланды — анда ал бир ай ичинде арып-азып, сакалдары өсүп, бир колу шишип, абалы начарлап кеткени байкалат.

Орхан Инандынын уурдалышы интернеттин кыргыз сегментинде сынга алынып жатат. Көпчүлүк өз жаранын уурдоого жол берген Кыргызстандын УКМКсына, ИИМге жана президентке нааразычылык билдирип жатат. Ошондой эле Инандынын тарапташтары 6-июлда Ак үйдүн алдына митингге чыгып, бийликтен Инандынын кандайча уурдалганын түшүндүрүүнү жана аны өлкөгө кайтарууну талап кылышууда.

Бирок кыргыз бийлиги учурда бул маселе боюнча үн ката элек.

Эрдоган Түркиянын атайын кызматы кыргыз жараны Орхан Инандыны уурдап кетишкенин билдирди