Жапаров ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган тапшырмаларды берди

Садыр Жапаров 5-июлда Кыргызстандын бизнес-коомчулугун колдоо боюнча тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров жарлыгы менен мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди, алардын бир бөлүгү 2021-жылы 1-сентябрына чейин, калганы 15-декабрга чейин аткарылууга тийиш.

Президенттин администрациясынан тапшырмалар Жапаровдун 23-июндагы бизнес-коомчулугу менен жолугушуусунун жыйынтыгында айтылганын белгилешти.

Башкы прокуратурага берилген тапшырма

Президент Башкы прокуратурага “Экономикалык кылмыштар боюнча бирдиктүү тергөө органы” принцибин киргизүү боюнча сунуштарды даярдоону жана иштелип чыккан Жазык жана Жазык-процесстик кодекстеринин алкагында экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштырууну карап чыгууну тапшырды. Бул тапшырмаларды көзөмөл органы 30-июлга чейин ишке ашырышы керек.

Экономика жана финансы министрилиги эмне кылышы керек?

Биснести колдоо боюнча тапшырмалардын көпчүлүгүн Жапаров Экономика жана финансы министрлигине тапшырды. Акылбек Жапаров жетектеген министрлик төмөнкү иштерди аткарышы керек:

  • ишкерлерди негизсиз текшерүүлөрдү жоюу боюнча механизмди ишке киргизүү;
  • уруксат кагаздарын, маалымдама берүү жана кароо мөөнөтүн 50 пайызга кыскартуу;
  • туризм тармагы боюнча ар бир облуста бештен кем эмес долбоорду ишке ашыруу;
  • коронавирус пандемиясы учурунда туризм максатына колдонулуучу кыймылсыз мүлккө салыктын өлчөмүн азайтуу;
  • инверсторлорду тартуу.

Андан тышкары, президенттин администрациясы 1-сентябрга чейин өлкө башчысына караштуу ишкерлерди жана инвесторлорду коргоо боюнча атайын кеңеш түзүшү керек.

Ошондой эле, Жапаров чакан ГЭСтерге көңүл бурган. Мындан улам Энергетика жана өнөй-жай министрлигине чакан ГЭСтерди өнүктүрүү үчүн тарифтик баа коюуну, өндүрүлгөн электроэнергияны сатып алууга кепилдик берүүнү жана чакан ГЭСтердин ээлери менен тийиштүү келишимдерге кол коюуну тапшырды. Андан тышкары, өлкө башчысы декабрдын ортосуна чейин чакан ГЭСтерди куруу боюнча бештен кем эмес долбоорду ишке ашырууну тапшырды.

Жапаров дагы кандай тапшырма берди?

Жапаровдун башка тапшырмаларынын арасында, Соода-өнөр-жай палатасын реформалоо, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында «Баймак» көзөмөл-өткөрмө пунктун ачуу жана суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртуу боюнча механизмдерди ишке киргизүү дагы бар.