HRW: Түркия Орхан Инандыны уурдап эл аралык укуктун ченемдерин бузду

Орхан Инанды

Кыргызстан жана Түркиянын бийлиги Бишкек шаарында жашап, эки жарандыгы бар Орхан Инандыны уурдап, аны сот териштирүүлөрүсүз Түркияга жеткирди — бул аракеттер «эл аралык жана Кыргызстандын ички мыйзамдарын одоно бузуу». Мындай билдирүүнү Human Rights Watch эл аралык уюму 7-июлда таратты.

«Кыргызстандагы кадыр-барктуу билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кетти. Ал Түркияга дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн адамдарды күч менен алып кеткен учурлардын акыркы жабырлануучусу. Алар [уурдалгандар] АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар болушу мүмкүн», — деп берилет Human Rights Watch уюмунун билдирүүсүндө.

*«Гүлендин кыймылы» Түркияда террористтик уюм деп таанылып, ФЕТО (Фетхуллахтын террористтик уюму) деп аталат. Түркиянын бийлиги диний үгүттөөчү «Гүлендин кыймылын» 2016-жылдагы төңкөрүшкө айыптап, аларды террористтик уюм деп тааныган. Бирок Фетхуллах Гүлен бул айыптоолорду четке кагып келет.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсондун айтымында, Инандынын уурдалып, Түркияга жеткирилиши «Анкаранын укуктун үстүмдүгүнө жана негизги эл аралык мыйзамдарга кайдыгер мамиле кылганын» айгинелейт.

«Түрк-кыргыз жарандыгы бар Инанды Түркиянын атайын кызматы тарабынан Түркияга мыйзамсыз чыгарылып кетиши үчүн кыргыз жеринде уурдалып, бир нече апта дайынсыз болгону — бул кыргыз өкмөтү Анкарага туруштук берүүнү калабаганын же ал колунан келбегенин, ал тургай алар менен макулдашып алганын божомолдойт», — деди Уильямсон.

Орхан Инанды «Сапат» билим берүү эл аралык мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Аталган мекемеге өлкө боюнча 16 лицей, Эл аралык «Ала-Тоо» университети, Эл аралык «Силк Роад» мектеби жана 4 толук эмес жалпы билим берүү мектеби таандык.

Инандынын дайынсыз жоголушу

Инанды 31-майдан бери дайынсыз болуп жүргөн, ал эми «Сапаттын» кызматкерлери аны Түркиянын атайын кызматы уурдаган деп болжошкон. Ал арада «Сапаттын» жүздөгөн бүтүрүүчүлөрү жана кызматкерлери митингге чыгышып, Инандыны табууну талап кылышкан.

Ички иштер министрлиги бул окуя боюнча «Киши уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ошондой эле Инанды Интрепол аркылуу изделип баштаган.

Ал эми анын жубайы Рейхан Инанды ал Түркиянын элчилигинде күч менен кармалып турганын айткан. Бирок элчиликтен бул маалыматты төгүндөшкөн.

Ошол эле учурда түрк ЖМКлары «ФЕТОнун Орто Азиядагы имамы Орхан Инанды кармалды» деп жаза баштаган.

Инандыны Кыргызстандан чыгарып кетүү

Арадан бир ай убакыт өтүп, 6-июлга караган түнү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өзү билдирүү жасап, Орхан Инанды түрк чалгындоо кызматы тарабынан Кыргызстандан алынып келингенин билдирген.

Ошондой эле Түркиянын башчысы мындай операциялар бир катар өлкөлөрдө да жүргүзүлүп, ФЕТОнун 100дөн ашуун мүчөлөрү кармалганын маалымдады.

Тема боюнча: Түркиянын атайын кызматы Орхан Инандыдан сырткары дагы кимдерди өлкөсүнө алып келди?

Бул билдирүүдөн кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Доганга нота тапшырып, Инандыны кайтарууну талап кылышкан.

Анткен менен Ахмет Доган уурдалган Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин баса белгилеп, бир гана түркиялык деп таанылаарын билдирди. Ошондой эле ал түрк тарап Кыргызстандын аймагында жогорудагы операция ишке ашырганы тууралуу билдирүү жасабаганын белгиледи.

Ал эми президент Садыр Жапаров Инандыны буга чейин үч жолу уурдоого аракет жасалганын, акыркы жолу аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери сактап калышканын билдирди. Ошондой эле Жапаров аны кайтарып кетүү Түркияда расмий жооп күтүп жатканын кошумчалады.

Дагы караңыз: ТИМ Түркиянын элчисине нота тапшырып, кыргыз жаранын кайтарууну талап кылды