Ишкер Файзиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бизнесмен Тимур Файзиев эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде бошотулганын билдирди.

Соттон түшүндүрүшкөндөй, чечим 6-июлда Аскер прокурорунун улук жардамчысынын өтүнмөсү боюнча кабыл алынган. Файзиевге карата чыгарылган эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат сотко чейинки жана сот өндүрүшү аяктаганга чейин күчүндө болот.

Буга чейин 27-майда Биринчи май райсоту Файзиевге карата камакка алуу чечимин сыртынан кабыл алган. Сыртынан камакка алуу чечимин чыгарууга ишкердин кайда жүргөнү белгисиз экени себеп болгон.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз алууда коррупцияга аралашкан жана мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн деп шектелип жатканын билдирген. Анын менен бирге бизнесменге издөө жарыяланган.

Тема боюнча: Файзиев коррупция жана мыйзамсыз курулушка аралашууга шектелүүдө. Ага издөө жарыяланды