Бишкек — Ош жолундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду

Сайга кулаган унаа. Сүрөт: ӨКМ

Бишкек — Ош унаа жолунун 403-чакырымынын Кара-Жыгач тилкесинде Chevrolet Cruze үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып сайга кулап кеткен.

ӨКМден кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы киши каза каза болуп жана үч адам жеңил жаракаттарды алышканын билдиришти.

Маркумду куткаруучулар жеткенге чейин жүргүнчүлөр унаадан чыгарып, Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткиришкен.

«Турмуш» басылмасы жазган маалыматка караганда, каза болгон жүргүнчү Ош шаарынын тургуну болгон. Ал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы академиясын аяктаган. Ал эми рулда аталган академиянын Курган чек ара институтунун бүтүрүүчүсү болгону маалымдалды.

Жыл башынан бери Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны кескин көбөйдү. Үстүбүздөгү жылдын 13-июнда Ош — Баткен жолундагы кырсыктан алты адам каза тапкан, алардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркай болгон.

2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда жол кырсыгы мурдагы жылдын беш айына салыштырмалуу эки эсе көп катталды. Анын кесепетинен 233 киши каза болду.