COVID-19: Ыктыярчылар ооруканаларда орун жетишсиз экенин айтышууда

COVID-19га кабылган бейтаптарга көмөктөшкөн ыктыярчылар Бишкектин ооруканаларында коронавирус менен ооругандарга орун калбай калганын айтып чыгышты.

«Демилгечил жаштар борборунун» ыктыярчылары 7-июлда видео жарыялап, анда шаар ичиндеги төрт оорукананы кыдырып, бирөөнөн да ооруп келген адамга орун табылбай жатканын айтышкан.

Орун жетишсиздик көйгөйүн 8-июлда Валерий Кононов аттуу колдонуучу фейсбук аркылуу айтты.

«Орун бар дейсиңерби? Адам өмүрү силерге эч нерсе эмеспи? Силердин жеке кызыкчылыгыңар баарынан бийик турат», — деп жазды ал.

Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен ыктыярчылардын билдирүүсүнө бүткүл Кыргызстан боюнча бейтаптар үчүн орун жетиштүү деп жооп беришти.

«Бишкекте башка региондорго салыштырмауу инфекциянын жаңы учурлары көбүрөөк болгондуктан адистер ар 2 саат сайын койко-орундар фондуна мониторинг жүргүзүп, зарыл болгон учурда кошумча дагы 190 орун, анын ичинде 30 реанимациялык орундарды ачуу пландаштырылган. Аймактарда ковид менен бейтаптарды кабыл алуу учун орундар жетиштүү», — деп билдирген ведомство.

Ошондой эле, саламаттык сактоо министрлигинен медициналык мекемелерде 30-июнга карата жалпы 317,7 млн сомдук дары-дармек бар экенин кошумчалашты.

Ыктыярчылар COVID-19 менен ооруган жарандарга мурда дагы ар түрдүү ыкмалар менен жардам берип келген — ооруканага жеткирүүдөн тартып, кызыл зонада иштеген врачтарга тамак-аш уюштурууга чейин.

2020-жылдын июль айында дагы ыктыярчылар ушул таптагыдай коронавирус жуктургандарга көмөктөшкөн. Үйлөргө кычкылтек концентраторлору менен келип дем алдырып, оор абалдагы адамдарды ооруканаларга ташып турушкан.