Тарыхчы, этнограф Айымкан Кенжеева 83 жашында дүйнө салды

Айымкан Кенжеева

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, тарыхчы, этнограф, «Ак Саамай» элдик фольклордук ансамблинин негиздөөчүсү Айымкан Кенжеева 83 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Кенжеева 1938-жылы 7-ноябрында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Жапасалды айылында туулган.

Ал 1954-жылы өзүнүн туулуп-өскөн айылындагы орто мектепти бүтүп, 1958-жылы Жалал-Абад шаарындагы Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын аяктаган. Кийин 1960-жылы Ош пединститутунун тарых факультетин окуп билимин жогорулаткан.

Кенжеева алгач эмгек жолун 1958-жылы мугалим болуп иштеп баштап, кийин окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, андан кийин техникалык окуу жайдын директору болгон. Кийинчерээк ал «Ала-Бука райком» партиясынын инструктору кызматын аркалаган.

Айымкан Кенжеева 1968-жылдан тарта Сокулук районунда жашап келген. Маркум ал жакта дагы мугалим, мектептин директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн инспектору, ал эми 2005-жылдан баштап маданият бөлүмүнүн кызматкери болуп иштеген. Ошондой эле Кенжеева усулчу, башкы адис, хормейстер болуп, Сокулук райондук маданият бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Ал 1994-жылы фольклордук топ түзүп, 2011-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин Сокулук райондук маданият бөлүмүндөгү «Ак Саамай» элдик фольклордук ансамблинин көркөм жетекчиси болуп эмгектенген.

Кенжеева бир нече долбоорлордун түзүүчүсү катары коомчулукта кадыр-барк алган: ал Сокулук районундагы «Адеп башаты — ападан», «Талант тамыры — элде» жана «Шайыр апалар» долбоорунун төрайымы болуп да коомчулукка таанылган. Ошондой эле, ал «Сырын каткан алтын така», «Рахманкул хан», «Жер энеси — Зууракан» китептердин автору.

Өзүнүн Чүй облусунун маданиятына кошкон эмгектери үчүн Кенжеева «Эл агартуунун мыктысы», «Маданияттын мыкты кызматкери» жана «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» сыйлыктарына ээ болгон.