АКШнын элчилиги чек ара кызматына 170 миң долларлык жабдыктарды берди

Сүрөт: АКШнын Кыргызстандагы элчилиги

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 8-июлда УКМКнын чек ара кызматына радиацияны аныктоочу жана идентификациялоочу кол жабдыктарын тапшырды. Бул тууралуу АКШнын элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабдыктардын баасы 170 миң доллардан ашат. Элчиликтен бул жабдыктар Кыргызстандын чек арасында мыйзамсыз айланган радиоактивдүү материалдарды оңойлук менен аныктоого жана токтотууга мүмкүнчүлүк береерин белгилешти.

«Коопсуз чек аралар коопсуз дүйнөнү сактайт жана Америка Кошмо Штаттары кыргыз чек араларын, бардыгыбызга таасирин тийгизген адам сатуу, өзөктүк материалдардын контрабандасы, глобалдык пандемия жана эл аралык терроризм сыяктуу глобалдык коркунучтардан сактап калуу үчүн Кыргыз Республикасын колдоого милдеттенет», — деди АКШ элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Брайан Стиммлер.

2008-жылы АКШнын Улуттук ядролук коопсуздук, өзөктүк контрабанданы табуу жана токтотуу боюнча администрациясы жана Кыргызстандын бажы кызматынын ортосунда чек ара бекеттерине радиацияны аныктоочу тутумдарды орнотуу боюнча меморандумга кол коюлган. Ал эми 2015-жылы жалпысынан Кыргызстандын 16 чек ара бекетинде аталган жабдыктар орнотулган.