«Демократиялык өзгөрүүлөр эң башкы жетишкендигибиз». Мамкатчы Назарбаевге жооп берди

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан «демократиянын аралы делген менен, 30 жыл аралыгында эч нерсе жасалган жок» деген пикирине жооп кайтарды. Ал «Азаттыкка» курган маегинде, Кыргызстан «экономикалык жактан утурумдук кыйналганы менен демократиядагы өзгөрүүлөр эң башкы жетишкендик экенин» белгиледи.

«Биздин жетишкендигибиз, демократиянын коомубузга терең орногону. Бирок Казакстандагыдай мунай, газ жок болгондуктан экономикалык жактан артта экенибиз чындык. Ошол эле маалда, сырткы карызды жан башына эсептей келгенде Казакстандын карызы биздин өлкөдөн көп болбосо, аз эмес. Ошондуктан, Казакстандан деле мактана тургандай абалды көргөн жокмун», — деди ал.

Мамлкеттик катчы Абыкеев кыргыз эли мурда тандап алган демократиялык жолдон чыкпашы керек деп эсептейт. Себеби элдин мүнөзү, баалуулугу да демоктарияга туура келерин айтат.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев «Бейнеге сүртүмдөр. Лидер» деген даректүү тасмасында Кыргызстан «демократиянын аралы делген менен, 30 жыл аралыгында эч нерсе жасалбаганын» айткан.

«Демократиянын аралы… Кыргызстан… бизге боордош, жакын эл. Ушул 30 жыл аралыгында Кыргызстанда бир нерсе жасалдыбы?! Ар бир президентти колдоп, бул жакка чакырдым. Акча, насыя берүүнү сунуштадык. Бирок эч нерсе жасалган жок да. Ошондуктан экономика жашоонун негизи», — деген ал.

Кыргызстан сөз эркиндиги жана демократия деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы орунда.

Британиянын The Economist Intelligence Unit (EIU) иликтөөчү борбору Кыргызстанды «Борбор Азиядагы жалгыз авторитардык эмес, бирок ага жакындап бара жаткан мамлекет» деп атаган. Баяндамада коронавирус пандемиясы, өлкөдөгү саясий абалдын эркиндикке, демократияга тийгизген терс таасири белгиленген.

Рейтингдин негизинде, 2020-жылы Кыргызстан 167 өлкөнүн арасында 107 орунга ээ болгон. Ал эми Борбор Азиядан өлкөлөрүнүн ичнен Казакстан 128, Өзбекстан 157, Тажикстан 159, Түркмөнстан 162-орунга татыган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нурсултан Назарбаев Кыргызстандагы демократия тууралуу оюн айтты

«Өлкө авторитаризмге жакындады». Кыргызстан демократия рейтингинде артка кетти

Трамп Кыргызстанды демократиялык баалуулуктардын аймактагы лидери деп атады