Марипов Ысык-Көлдө спорт иш-чарасында сабалган өспүрүмдүн ишин жеке көзөмөлүнө алды

Тогуз жаштагы орус улутундагы өспүрүм Ысык-Көлдө өткөн дзюдо боюнча спорттук иш-чарада улуту жана диний ишеними үчүн такай ур-токмокко алынган — бала үйүнө ден соолугу жабыркап, Курандын сүрөөлөрүн жатка айтып келген. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жабырлануучунун ата-энесине таянып жазды.

Аталган ишти министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов жеке көзөмөлүнө алды — анын басма сөз кызматы билдиргендей, Марипов иштин жагдайлары боюнча толук маалымат жеткирип турууну, жаш өспүрүмдүн зомбулукка кабылышына жол бергендерге гана эмес, Маданият министрлигинин иш аракетине (аракетсиздигине) дагы укуктук баа берүүнү тапшырды.

Мариповдун пикиринде, Маданият министрлиги толеранттуулук, диний ишенимдерди сыйлоо жана дин маданияты боюнча алдын алуу ишчараларын жүргүзүшү керек болчу.

Ал өз тапшырмаларынын аткарылышына мониторинг кылууну балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу Жыпариса Рыспековага жүктөгөн — мындайга жол бербөө чараларын көрүү милдети да Рыспековада.

Сүрөт: 24.kg

Дзюдо боюнча спорттук жыйналыш 5-22-июнь күндөрү Булан Сөгөттү айылында өткөн. Өспүрүм үйүнө 23-июнда кайтып келген — денесинде уруп-сабоонун тактары болгон.

«Сапар аякташына бир жума калганда аны өзү теңдүү балдар такай уруп-сабап турушкан. Денеси көгала болуп, башына муш жеген. Ата-энеси машыктыруучу менен байланышкан. Ал чынында эле балдар мушташып кеткенин дептир», — дейт жабырлануучунун адвокаты Индира Саутова.

Ата-энесинин айтымында, таяк жеген баланын машыктыруучусу ага медициналык жардам көрсөтпөгөнү аз келгенсип, денеси көгала экенин көрүп турса да машыгууга мажбурлаган. Үйүнө кайтып келгенден кийин өспүрүм кусуп, башы ооруп калган. Индира Саутова машыктыруучуну дагы жоопко тартууну талап кылууда.

Баланы өзү теңдүү 10 бала топтошуп алып урган, ал эми ур-токмокту козуткан өспүрүм атасы милиция кызматкери экенин айтып, бул үчүн эч ким жазаланбайт деп ишендирген.

Адвокат баланы ур-токмокко алуунун себебин баланын диний ишеними менен түшүндүргөн — ал спорт жыйынына барган жалгыз орус улутундагы өспүрүм болгон.

Бишкекке келгенден кийин аны шаардык №3 оорукананын травматология бөлүмүнө алып барышкан. Денесинде уруп-сабоонун белгилери бар экени Бишкектин Свердлов РИИБне кабарланган — ал эми бала Ысык-Көл облусунун аймагында зомбулукка кабылгандыктан, ишти Ысык-Көл ОИИББ иликтейт. Азыр Жоруктар жөнүндө кодекстин 65-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, баланы токмоктоого аралашкан окуучулар суракка алынган.

Баланын ата-энеси «Балдардын укугун коргоочулардын лигасына», ал эми укук коргоочулар болсо министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго кайрылышкан.

«“Балдардын укугун коргоочулардын лигасы” министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго дзюдо боюнча секциясынын жайкы иш-чарасына барган учурда зомбулуктан жана катаал мамиле кылуудан улам жапа чеккен тогуз жаштагы баланын ишин жеке көзөмөлүңүзгө алууну суранып кайрылат. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилигине дагы ата-энесинин коштоосу жок жүргөн балага карата зомбулукка жана каттал мамилеге жол берген Дзюдо федерациясынын, анын айрым тренерлеринин ишмердигин дыкат жана бейтарап иликтеп берүүнү суранып кайрылабыз», — деп билдирген фонддун башчысы Назгүл Турдубекова. Ал акыйкатчыдан башка ушул сыяктуу иш-чараларды дагы жек көрүүчүлүк бар-жогуна текшерүүнү суранган.