Польшалык альпинист Ленин чокусунан жүрөгү кармап каза тапты

Ленин чокусу

Польшанын 50 жаштагы жараны 7-июлда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Ленин чокусунда жүрөк оорусунан каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маркум Петр Бернхард 5 100 метр бийиктиктен түшүп келе жатып көз жумганы кабарланууда.

Милициянын маалыматына ылайык, Бернхард 2-июлда 13 чет өлкөлүк менен бирге альпинисттердин лагерине келген — алардын 12си Орусиянын жарандары, дагы бирөө маркумдун мекендеши болгон.

Альпинисттер эки күн лагерде турушуп, 4-июлда 4 400 метр бийиктикке чыгып, ал жерде бир күн түнөшкөн. Ал эми 6-июль күнү алар 4 800 метрге чыгып, анын эртеси күнү 5 100 метр бийиктикке чейин чыгышкан.

«Кайра кайткан учурда Бернхард эс-учун жоготуп жыгылган. Ага [жанындагы адамдар] жасалма дем алдыруу кылышкан. Бирок ал өзүнө келе албай каза болгон», — деп билдиришти милициядан.

Маркумдун сөөгү Ош шаарына жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ленин чокусу деңиз деңгээлинен 7 134 метр бийиктикте жайгашкан. Ал Борбор Азияда эң бийик чокулардын бири.