Ташиев Акаев менен Бакиевге издөө салды. Бозгун президенттерди кайдан издесе болот?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы маалымат жыйында бозгун президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге издөө жарыяланганын билдирди.

Ташиев түшүндүргөндөй, Акаевге УКМК иликтеп жаткан «Кумтөргө» байланыштуу кылмыш ишинин алкагында издөө жарыяланды. Акаевди издөө 1992-1994-жылдары Канаданын «Камеко» компаниясы менен түзүлгөн келишимге байланыштуу.

Ал эми Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим, Ташиевдин айтымында, 2009-жылы түзүлгөн келишимге байланыштуу изделип жатат.

Качкын президент Аскар Акаев Кыргызстанды 1991-2005-жылдары башкарган. Ал 2005-жылы «жоогазын революциясынан» кийин өлкөдөн качкан.

Дагы бир качкын президент — Курманбек Бакиевдин бийлиги 2010-жылы кулатылган. Анда өлкөдөгү тамырлаган коррупцияга нааразы болгон миңдеген кыргызстандыктар аянтка чыккан. Коррупциянын башында Бакиевдин жакын адамдары турган, мисалы анын уулу Максим Бакиев.

Андан тышкары, 2010-жылдагы революция Бакиевдин буйругу менен тынч жарандар өлтүрүлгөнү менен тарыхта калган.

Акаевди кайдан издесе болот?

Кыргызстандын качкын президенти Аскар Акаев

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда Аскар Акаев ушул тапта Орусиянын борбору Москва шаарында жашайт. Мисалы, 2021-жылдын 6-июлунда ал Москва-Санкт Петербург поезди менен жол жүргөн. Буга Юрий Челбаков аттуу колдонуучунун сүрөтү далил боло талат.

Кыргызстандан чыгып кеткенден кийин Аскар Акаев илимий иштерине кайткан. Жеке сайтында Акаев өзүн «чоң илимпоз, чыныгы гуманисттик жана демократиялык көз караштагы адам» катары сүрөттөйт.

Ошондой эле, Орусиянын Жогорку экономика мектебинин расмий сайтында Акаев Социалдык-саясий дестабилизация коркунучтарын мониторинг кылуучу илимий-окутуу лабораториясынын илимий жетекчиси катары көрсөтүлгөн. Бул лаборатория ар башка өлкөлөрдөгү өзгөрүүлөрдү, «саясий туруксуздукту» кантип алдын алса болоору тууралуу мониторинг кылып, алардын саясий жактан өөрчүшүн божомолдойт — кыязы, кеп Аскар Акаевге жакшы тааныш митинг, төңкөрүштөр тууралуу сөз болсо керек.

Мындан тышкары, Акаевди Москванын батышындагы элиталуу райондон — Рублёвкадан издесе болот. Акаевдердин бул хан сарайы тууралуу 2020-жылы белгилүү болгон. Анда «Проект» басылмасы качкын президенттин уулу Айдар Акаев жалпы аянты жарым гектар, баасы 63 млн рубль турган үйдө жашайт деп жазып чыккан.

Курманбек Бакиевди кайдан издесе болот?

Кыргызстандын бозгун президенти Курманбек Бакиев

Курманбек Бакиев Белорусту байырлаганына 10 жыл болду — ал үй-бүлөсү менен 2010-жылы, бийликтен кулагандан кийин чыгып кеткен.

Белоруска анын башка туугандары да чыгып кетишкен — мурдагы өлкө башчысынын бир тууганынын уулу Асылбек Салиев менен небереси — Марат Бакиевдин уулу — Руслан Бакиев.

Курманбек Бакиев алгач президенттин «Плавно» резиденциясында жашап жүргөн, кийин Минск шаарынын элиталуу району «Дроздыга» көчүп кеткен. Ал эми 2017-жылы Минсктин «Лебяжий» районунда үй куруп бүткөнү белгилүү болгон.

Ал эми 2020-жылы июлда Лукашенко Бакиевге 70 сотых жерди «өмүр бою ээлик кылуу үчүн мурас катары» бергени белгилүү болгон — бул «Заславль-2» президенттин резиденциясынан анча алыс эмес аймактагы 45 сотых жана ортодогу 25 сотых жер.

Максим Бакиевди кайдан издесе болот?

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу — Максим Бакиев (солдо).

Максим Бакиевди Улуу Британиянын аймагынан издесе болот. Суррей графтыгында анын беш миллион долларлык үй-жайы бар. Ошол эле аймакта Максим жиу-житсу менен машыгат — ал тургай 2019-жылы Лондон чемпионатында жеңүүчү болгон. Ал таймашка Суррей аймагындагы спорт клубдун атынан — Макс Бакаев деген ысым менен катышкан.