Чек-арадагы атышууда курман болгон аскердин үй-бүлөсүнө үй берилет

Абдикарим Алимбаев Хуснидин Хажиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтып жаткан учуру

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда каза тапкан сержант Хуснидин Хажиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышып, анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. 

Өз сөзүндө облус башчысы Хажиев «баатыр» сыяктуу курман болгонун белгилеп, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен аскердин жакындарына Баткен шаарынан 85 чарчы метр үй берилээрин айтты.

Анын айтымында, президент турак жайды маркумдун жакындарын колдоо максатында берген. Ал эми 27 жаштагы аскер Хуснидин Хажиевдин артында жубайы жана эки жашар баласы калды. 

Тажик тарап чек арадагы ок атышууда курман болгон 27 жаштагы аскер Хуснидин Хажиевдин сөөгүн Кыргызстанга 9-июль кечинде өткөрүп беришкен. Аскердин сөөгү менен кошо Кыргызстандын чек ара кызматына тиешелүү үч ат жабдыктары менен өткөрүлүп берилген. 

Кыргызстандын чек ара кызматы 8-июнда саат 17:00 чамасында Баткендеги атчан чек ара кезмети Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн чабуулга кабылганын билдирген.

Маалыматка ылайык, атчан кезметтин курамында төрт чек арачы болгон. Анын экөөсүнө ок тийип, экөө качып кетүүгө үлгүргөн. Жарадар болгондордун бири каза тапкан. Ал эми бир жоокер барымтага алынган.

Ок атышуу учурунда тажик тараптан да жарадар жана каза тапкандар бар болгону айтылууда, бирок тажик бийлиги жоготуулар боюнча расмий маалымат бере элек.

Ал эми тажик ЖМКлары Тажикстандын УКМКсынын маалыматына таянып, ок атышуу төрт кыргыз чек арачы чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн орун алганын жазышкан.

Такталбаган чек ара жана анын кесепетинен чыккан чырлар

Чек аранын такталбаганы кыргыз-тажик чек арасына чектеш айылдарда чыккан чырлардын башкы себеби болуп келет. Жаңжалдын чыгышына жер, суу талаш жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү негиз болот.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзөт — анын 519 чакырымы гана делимитация жана демаркациядан өткөн, калганы такталбаган бойдон турат. Өлкө башчысы Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусунун жыйынтыгы менен жумушчу тартибинде дагы 32 чакырым такталганы белгилүү болду.

Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы эң чоң жаңжал үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде башталып, 1-майга чейин созулган.

Алгач эки өлкөнүн 100-150гө чукул жарандары Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында бири-бирине таш ыргытышкан. Чырга тажик тарап «Головнойдогу» мамычаларга байкоочу камера орноткону себеп болгон. Кийинчерээк жаңжал ок атышууга айланган. 29-апрелде кырдаал оорлошуп, чыр куралдуу жаңжалга айланган.

Кыргызстан жана Тажикстандын бийлик өкүлдөрү ок атуу токтотулуп, аскерлер чыгарыла турганын маалымдаганы менен келишим бир нече жолу бузулган.

Ок атууну токтотуу келишими 1-майдагы сүйлөөшүлөрдүн жыйынтыгы менен гана жетилген. Ал эми 3-майда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү туруктуу жайгашкан жерлерине кайтарышкан.

Ошол эле күнү эки өлкөнүн бийлиги куралдуу жаңжалдын чыгышына бири-бирин айыптар, кылмыш иштери козголгонун билдиришкен. Ал эми Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Тажикстандын аракеттерин «аскерий агрессия» деп баалаган.

Тажикстандын аскерий кол салуусунун кесепетинен Кыргызстандын 36 жараны каза болуп, 154ү жарадар болушкан. Ал эми тажик бийлиги 19 киши набыт болуп, 87 киши жарадар болгонун кабарлашкан.