Игорь Якуниндин өлүмү. Балдар үйүнүн директорун жумуштан алуу сунушталды

Игорь Якунин

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова мамлекеттик мекемелердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен бирге ур-токмоктон каза болгон Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмүнө байланышкан ишти карап чыкты.

Атайын комиссия балдар үйүнүн жетекчилигинин ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Билим берүү министрлигине мекеменин директорун жумуштан алып, интернаттын башка кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап чыгууну сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Бишкек мэриясына бузууларга жол берген Бишкектин Биринчи май районунун жана Чүй облусунун Сокулук районунун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын чиновниктеринин ээлеген кызматына төп келүүсүн карап чыгуу сунушу айтылды.

Аны менен катар, атайын комиссия Саламаттык сактоо министрлигинин балдарды коргоо, асыроо жана камкордукка алууга жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзам бузулганын белгилешти.

Министрлер кабинетине өспүрүм көз жумган балдар үйүнө жакшы көзөмөл кылбаган Билим берүү министрлигинин чиновниктеринин жоопкерчилигин кароо сунушталы. Аны менен катар, атайын комиссия өз милдетин так аткарбаган Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Балдар иштери боюнча комиссиясынын кызмат адамдарын жоопко тартуу керек деп эсептейт.

Ошондой эле министрлер кабинетине ИИМ, Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрлигинин балдар үйлөрүндөгү зомбулук фактыларынын алдын алуу боюнча ишин күчөтүү зарылдыгы эскертилди.

Атайын комиссия Саламаттык сактоо министрлиги Адвокатура жана Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардам көрсөтүү боюнча координациялык борбор менен биргеликте тергөө маалында, каза болгон Игорьдун агасы Богдан Якуниндин кызыкчылыгын коргоочу адисти камсыздап бериши керек деп эсептейт.

Игорь Якунинге эмне болду эле?

Өспүрүм каза тапканы тууралуу кабар 1-июнда тараган. Анда милицияга Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүндө 6-класстын окучусу Игорь Якунин уктоо бөлмөсүнөн эч учун жоготуп, эсине келбей каза тапканы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бала ооруканага жеткирилип, ошол жактан каза болгонун тастыкташкан.

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, балдар уктоочу бөлмөдө монополия ойноп жатышкан. Игорь өйдө туруп, бир-эки кадам шилтеп эле эс-учун билбей кулап калган. Ведомство эч кандай мушташ болгон эмес деп ишендирген.

Бирок маркумдун агасы Богдан Якунин тергөөгө Игорь жогорку класстын окуучусунунун ур-токмогунан каза тапканын билдирген. ИИББден болсо каза тапкан баланын денесин кароо учурунда уруп-согуунун белгилери болгон эмес деп белгилешкен. Бирок июндун аягында милиция өспүрүм балдар үйүндө ур-токмоктон каза болгонун моюндаган.

«Игорду көкүрөк тушка беш жолу чабышкан, акыркысы жүрөк тушка тийген күчтүү сокку болгон. Бала бурулуп, үч кадам аттагандан кийин дароо кулап түшкөн. Анын бүткөн бою калтырап, дем жетпей, заара ушатып койгон», — деп айтып берген агасы Богдан Якунин.