Ошко 11-июлда 275 миң доза «Синофарм» вакцинасы келет

Иллюстративдик сүрөт

11-июлда Кытайдан Ош шаарына 110 миң, облуска 175 миң доза «Синофарм» вакцинасы келет. Калкты эмдөө 12-июлдан башталып, ал шаардын 18 жаштан ашкан тургундары үчүн ыктыярдуу жана акысыз болот.

Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» билдирди. Анын айтымында, эмдөө 7 күн бою саат 08:00дөн 23:00гө чейин шаардын борбордук базарында, «Келечек» базарында, «Глобус», «Фрунзе» гипермаркеттеринде, төрт мектепте жана поликлиникаларда жүргүзүлөт.

Ош облусу жана шаары боюнча санэпидемстанциянын башычы Салтанат Орозбаеванын айтымында, бул вакцина эки доза менен берилет.

Тургундар экинчи дозаны алгандан кийин вакцинациялангандыгы тууралуу сертификатка ээ болушат. Ал дүйнө жүзүндө таанылып, чет өлкөлөргө саякаттоодо ПЧР-анализин тапшыруу талап кылынбайт.

Ошондой эле Орозбаева июль айынын аягында AstraZeneca вакцинасынын келиши күтүлүп жатканын айтты.

Кыргызстанда 8-июлга карата эмдөөнүн биринчи дозасын 126 миң 424, эки дозаны тең 82 миң 345 адам алды.