COVID-19: Акыркы суткада тогуз бейтап каза болуп, 1295 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 11-июлда коронавирус жуктуруунун 1 295 жаңы учуру катталып, тогуз адам каза болду. Каза тапкандардын сегизи Бишкек шаарынын, бирөө Ош шаарынын тургундары. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Бишкек шаарында — 761;

Чүй облусунда — 139;

Баткен облусунда — 114;

Жалал-Абад облусунда — 98;

Ош шаарында — 46;

Ысык-Көл облусунда — 45;

Ош облусунда — 41;

Нарын облусунда — 32;

Талас облусунда - 19;

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 139 648кө жетти. Алардын ичинен 118 008 адам ооруканадан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 2 102 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 4 636 бейтап дарыланууда, 1 526 адамдын абалы оор, дагы 13 741 киши үй шартында дарыланып жатат.

Өлкө боюнча сутка ичинде 72 медицина кызматкери коронавируска чалдыкты. Алардын көпчүлүгү Баткен облусу жана Бишкек шаарынан. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 5 878га жетти, анын ичинен 5 136 медкызматкер илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.