Кайра шайлоо: Көчмө добуш берүүдө үч шаарда 3 511 киши шайлады

Сүрөт: БШК

Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоодо 10-июль күнү 3 511 киши участоктон сырткары добуш берди. Алардын 2 277си Бишкекте, 1 031и Ошто, 203ү Токмок шаарында.

Жалпысынан добушканадан тышкары добуш берүү үчүн 3 995 киши арыз берген. Алардын ичинен майыптыгы бар, ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албаган, ооруканадагы же түрмөдөгү шайлоочулар гана көчмө добуш берүүгө каттоого алынган.

Ошондой эле участоктон сырткары президент Садыр Жапаров жана анын жубайы Айгүл Жапарова добуш берди. Буга өлкө башчысынын жеке коопсуздук кызматкерлеринин биринен коронавирус аныкталгандыгы себеп болду.

Бүгүн, 11-июлда, Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүп жатат.

Ал эми буга чейин 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын БШК жокко чыгарган. Мындай чечим добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир берген бузуулардан — добуш сатып алуу, админресурс, шайлоочуларды жапырт каттоодон улам кабыл алынган.