Ош: «Биздин Кыргызстандын» талапкери шайлоо участогунда үгүттөп жүргөнү айтылды

Назима Алмазбек кызы

Соцтармактарда «Биздин Кыргызстан» партиясынын талапкери Назима Алмазбек кызы №5296 шайлоо участогунда үгүт жүргүзүп жатат деген видео жарыяланды.

Анда ыктымал Алмазбек кызы добушкананын жанында отурган аялдардын жанына барып сүйлөп жатканы байкалат.

Видеонун автору «кандидат өзү мыйзам бузуп жатат» деп нараазы болуп, АШКдан партияга баа берүүнү өтүнгөн.

Назима Алмазбек кызы «Биздин Кыргызстан» партиясы менен №3 катар номурунда шайлоого катышып жатат.

Шайлоочулардын тизмеси жарыяланган базадан караганда, Алмазбек кызы аталган участокто катталган. Ал эми жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоого ал «Улуттар Биримдиги» партиясы менен катышкан.

«Биздин Кыргызстандын» өкүлү Бакыт Алматов «Клоопко» тасмада Алмазбек кызы тартылганын ырастады. Анын айтымында, Алмазбек кызы өзү «шайлап чыгып, участканын сыртындагы тааныштары менен гана учурашкан».

«Бир эмес бир нече видео тарады, каралоо жүрүп жатат. Тааныштары менен учурашпай эле кетип калмак беле», — деди суроо салды ал.

Азыркы тапта Ош, Бишкек жана Токмок шаардык кеңешке кайра шайлоо өтүп жатат. Саат 14:00гө карата үч шаарда шайлоочулардын жалпы 17,06% пайызы добуш берди.