Шаардык кеңештерди кайра шайлоо. Саат 10:00гө карата 5,75% шайлоочу добуш берди

Бүгүн, 2021-жылдын 11-июлунда, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында шаардык кеңештердин кайра шайлоосу өтүп жатат. Шайлоочулар депутаттардын партиялык тизмесине добуш берип жатышат. Бишкек шаарында — 18, Ошто — 9, Токмокто — 6 партия катышып жатат.

Саат 10:00гө карата үч шаарда шайлоочулардын 5,75%ы добуш берди. Эң активдүү шайлоочулар — Ош шаарында. Бишкекте барынан аз шайлоочу добуш берүүгө келген.

Жалпысынан үч шаарда 35506 адам добуш берди.

Барынан Бишкек шаарында добуш бергендердин саны аз болууда: болгону 4, 12% шайлоочу.