Президенттик башкарууну колдогон Нуруйпа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешин жетектейт

Кыргызстандын президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы болуп Нуруйпа Муканова дайындалды. Тиешелүү жарлыкка 12-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Нуруйпа Муканова Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча эксперт катары белгилүү. Ал буга чейин Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрайымы болуп иштеген.

Муканова референдумдун алдында президенттик башкарууну колдогон үгүттөө тобунун жетекчиси болуп иштеген. Ошол кезде сунушталган жаңы Баш мыйзамдын демилгечилеринин бири президент Садыр Жапаров болуп саналат.

Референдум үстүбүздөгу жылдын 11-апелинде өтүп, анда шайлоочулардын 79,3%ы жаңы Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдошкон. Мындан улам президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституцияга кол койгон.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш деген эмне?

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин Антикоррупциялык ишкердик кеңеш президенттин жарлыгы менен түзүлгөн.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жана мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосунда иш алып барат. Мындан тышкары, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субьектилеринин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн шарттар түзүлөт.

Буга чейин, 25-июнда президент Садыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойгон. Аталган кызмат УКМКнын «ишмердигин отимизациялоо максатында» жоюлганы айтылган.