Президент УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойду

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойду. Тийиштүү жарлыкка ал 25-июнда кол койду.

Жарлыкта аталган кызмат УКМКнын «ишмердигин отимизациялоо максатында» жоюлганы айтылат.

Президенттик администрациянын билдирүүсүндө Жапаров «экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айтканы» баса белгиленген.

«Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлер үчүн жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири», — деп билдиришти президенттин администрациясынан.

Бизнесмендер менен жолугушуу

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюуларын Жапаров 23-июнда бизнес коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда айткан. Анда ал салык кызматы укук коргоо органдары менен бирге ишкерлер менен бизнеске көптөгөн текшерүүлөр менен кысым кылууда деп белгилеген.

«Бул бизнеске болгон кысым токтой электигин ырастайт. Ушундан улам Каржы полициясынын ишин терең анализдеп, көптөгөн арыздарды эске алуу менен бул орган өзүн-өзү актаган жок деген жыйынтыкка келгенбиз жана аны жоюу тууралуу чечимди кабыл алганбыз. Бул кадам бизнести колдоо багытындагы чечкиндүү кадамдардын бири болгон. Аталган кадамдарды улай жакынкы күндөрдүн ичинде УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жоюлат. Бул боюнча тийиштүү жарлык даярдалып жатат», — деген ал.

Антикоррупциялык кызмат

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жоюу тууралуу 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашкандан кийин айтыла баштаган. 17-октябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээрдин алдында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлганы белгилүү болгон.

Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына жарыяланган эмес, бирок 14-октябрда адатта бийликтин чечимдери жарыяланчу «Эркин Тоо» гезитине жарык көргөн.

16-октябрда президенттин м.а. Садыр Жапаров АКСтин башчысы Сагынбек Исмаиловду кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койгон. Ошондо дароо эле кызматтын жаңы жетекчиси болуп Бокбосун Апсатаров дайындалганы тууралуу маалымат чыккан.

АКС жоюлуп кетсе, бул кандайча болгону — белгисиз. УКМК эч кандай комментраий берген эмес, Жапаровдун басма сөз катчысы Дастан Дүйшекеев менен байланыш дагы жеткиликсиз болуп турган.

Жээнбеков өлкөнү башкарып турганда УКМКнын АКС кызматын көп ирет сынга алган. Ал бул кызмат коррупция менен күрөшкөндүн ордуна өздөрү «коррупцияга белчесинен батып калганын» айткан.

УКМКга караштуу Антикоррупциялык кызмат 2011-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев тарабынан түзүлгөн. Кызмат «коррупция фактыларын жана коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоонун» үстүндө иштеген.