Бир иллюстрация менен: УКМКнын демөөрчүлөрү жакшыраак

Иллюстратор Нурбек Насыранбеков соцтармактарга УКМКнын демөөрчүлөрүнө арналган иллюстрациясын жарыялады. Анда машыктыруучусуна УКМКнын «демөөрчүлөрү жакшыраак» экенин, ошондуктан УКМКга кетүүнү чечишкенин айтып жаткан футбол командасы сүрөттөлгөн.

Иллюстрация: Нурбек Насыранбеков

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда ведомствонун кызматкерлерине кайсыл бир шериктердин эсебинен үй курулуп берилерин билдирген. Турак жайда 205 батир болот.

«Негизинен биздин кызматкерлерге, чек арачыларга, андан сырткары Жалал-Абад шаарында жашаган аз камсыз болгон, өтө муктаж үй-бүлөлөргө 10 батир кошо берели деген үмүттөбүз. Баса белгилеп айтып коюу керек, бул үйдү салууга мамлекеттик бюджеттен же мамлекеттик ишканалардан эч кандай каражат алган жокпуз. Бул биздин шериктерибиз менен жүргүзгөн чон саясаттын негизинде, алардын бизге кылган жардамы менен салынып жатат», — деп билдирген Ташиев.