Аксы: Селден алты адам каза тапты, алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан

Жалал-Абад облусунун Аксы районунундагы Жаңы-Жол айыл аймагында катуу жааган жаандын кесепетинен жүргөн селден алты адам каза болду. Ошондой эле, 2,5 жана 5 жаштагы эки наристе изделүүдө.

«12-июнда катуу жааган жаандан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Жаңы-Жол айыл аймагынын сегиз тургунун сел агызып кеткен. Алты адамдын [2 эркек, 4 аял киши] сөөгү табылып, сел калдыктарынан алынып чыгарылды», — деп билдиришти ӨКМден.

Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратовдун айтымында, каза тапкан алты кишинин баары бир үй-бүлөдөн болушат жана алардын арасында жаш балдар бар.

«Кечээ түштөн кийин жайлоодо жамгыр жааган. Андан түшкөн агынды суу Жолборсту айылындагы чатырды алган. Ал жерде 7 киши болгон. Анын баары каза болуптур. Алардын алтоо бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Ушул тапта ӨКМден 25 куткаруучу жана 200дөй тургун 2,5 жаштагы жана 5 жаштагы баланын сөөгүн издеп жатышат», — деди айыл өкмөт башчы Султанмуратов.

Социалдык тармактарда тараган тасма жана сүрөттөрдөн тургундар өз алдынча да издөө иштерин жүргүзүп жатышканын байкоого болот.

Андан сырткары Жаңы-Жол жана Таштак айылындагы турак жайлардын короо жайына сел суулары каптаган. Мал-Калды жайлоосуна баруучу ички жолдордогу ички чарбалык көпүрөлөрдү сел суулары алып кеткен.