Бир кадр менен. Сауд Арабиясынан Кыргызстанга 500 миң долларлык гумжардам келди

Кыргызстан 13-июлда COVID-19 менен каршы күрөшүүгө Сауд Арабиясынан 500 миң долларлык гумжардам алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө бийлиги жеке коргонуу каражаттар жана медициналык буюмдар түрүндө жардам алды.

Пандемия учурунда Кыргызстан өнөктөш өлкөлөрдөн ар кандай гуманитардык жардам алган. 2020-жылы COVID-19 менен күрөшүүгө Орусия, Казакстан жана Өзбекстандан жардамдар келген.

Бийлик, гуманитардык жардамдан тышкары, эл аралык уюмдардан дагы насыя алган. Ошентип, 2020-жылы бийлик COVID-19 менен күрөшүү үчүн 300 миллион доллардан ашык акча алган болсо, 2021-жылы 420 миллион долларга жакын алат деп пландаштырылууда.