Коронавирустан 10 киши каза болуп, 1 398 жаңы учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 14-июлда өлкөдө коронавирустун 1 398 жаңы учуру катталганын маалымдады. Ооруну жуктургандардын арасында 56 медициналык кызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында — 773 (29 медик);

Чүй облусунда — 177 (беш медик);

Баткен облусунда — 119 (11 медик);

Жалал-Абад облусунда — 111 (беш медик);

Ош облусунда — 73 (эки медик);

Ош шаарында — 67 (үч медик);

Ысык-Көл облусунда — 52 (бир медик);

Нарын облусунда — 15;

Талас облусунда — 11.

Ошондой эле өткөн суткада 1 037 бейтап айыгып, 10 киши каза болду — алардын бешөө Бишкек шаарында, Чүй жана Жалал-Абад облустарында экиден, бирөө Ош облусунда.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 143 668 жетти. Оорудан 120 731 бейтап айыгып, 2 133 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө 4 675 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат — алардын ичинде 228 кишинин абалы өтө оор. Мындан сырткары 14 952 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.