Алымкадыр Бейшеналиев: Милдеттүү эмдөө мажбурлоо эмес — өтүнүч

Кыргызстанда коронавируска каршы мажбурлап вакцина алдыруу жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин 14-июлдагы жыйынында билдирди.

Өлкөдө мажбурлап вакцина алдыруу жок деген билдирүүсү менен элди мажбурлап эмдөөдөн өткөрсө болобу-жокпу деп суроо салган депутат Улугбек Садиковго жооп берди.

Министрдин айтымында, өлкө аймагында вакцина алууга мажбурлаган учурлар жок, болгону өтүнүч катары айтылууда.

«Президент Садыр Жапаров министрлик менен мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери үлгү көрсөтүп, вакцина алышы керек деп билдирген. Бул мажбурлоо эмес, жөн гана өтүнүч катары айтылган» — деп тактоо киргизген Бейшеналиев.

Буга чейин Жапаров министрликтен тартып айыл өкмөттөрүнө чейинки бардык ведомстволорго жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү тапшырган. Ошол эле учурда, мамлекет башчысы өзү эмдөө ала элек. Анын аппараты Жапаровдо антителолордун саны жогору экендигин айтып келет.

Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус болуп ооругандан кийин пайда болгон антителолордун натыйжалуулугун дагы деле изилдеп жатат. Алар организмде антителолордун санына карабастан вакцина алууну сунушташат.

Кыргызстанда калкты эмдөө өнөктүгү 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок, анын активдүү фазасы 12-июлда, өлкөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы келгенден кийин башталган.

Андан кийин бийлик өлкө боюнча 900гө чукул эмдөө түйүнүн ачты, ал жерден каалаган адам вакцинаны акысыз сайдырса болот. ССМдин маалыматы боюнча, 14-июлга карата 140 миң адам вакцинанын биринчи дозасын алган, ал эми экинчи дозасы менен эмдөөдөн 87 миң адам өткөн.