Муфтий жана бир катар диний ишмерлер COVID-19га каршы эмдөө алды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы өлкөнүн азирети муфтийи Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө түйүндөрүнүн биринде коронавируска каршы вакцина алганын билдирди. Эмдөөдөн өтүүгө муфтий менен бирге 20дан ашык диний ишмер барган.

«Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүштү», — деп белгилешти муфтияттын басма сөз кызматынан.

Буга чейин Аалымдар кеңеши коронавируска каршы эмдөө алуу боюнча фатва чыгарган. Анда коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүп жаткандыктан эмдөөдөн өтүү маанилүү экени айтылат.

«Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин пикири боюнча оорунун жайылуусун токтотуучу жалгыз ыкма ­— бул адамдарды массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүү болуп саналат [...] Ошондуктан Аалымдар Кеңеши COVID-19дун алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө вакцина алууга каршы эмес», — деп жазылат фатвада.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстанда калкты эмдөө өнөктүгү 2021-жылдын март айынын аягында башталган. Бирок, анын активдүү фазасы 12-июлда, өлкөгө Кытайдын Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясы келгенден кийин башталган.

Андан кийин бийлик өлкө боюнча 900гө чукул эмдөө түйүнүн ачты, ал жерден каалаган адам вакцинаны акысыз сайдырса болот. Мурдараак президент Садыр Жапаров министрликтен тартып айыл өкмөттөрүнө чейинки бардык ведомстволорго жана мамлекеттик органдардын кызматкерлерине COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү тапшырган. Ошол эле учурда, мамлекет башчысы өзү эмдөө ала элек. Анын аппараты Жапаровдо антителолордун саны жогору экендигин айтып келет.

Анткен менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус болуп ооругандан кийин пайда болгон антителолордун натыйжалуулугун дагы деле изилдеп жатат. Алар организмде антителолордун санына карабастан вакцина алууну сунушташат.