Ош облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү оңдолду

Сүрөт: Облустук администрациянын басма сөз кызматы

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү толугу менен оңдолуп пайдаланууга берилди. Анын ачылышына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, облус башчысынын биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев жана медиктер катышты.

Анда Бейшеналиев менен Алайчиев тасманы кесип, COVID-19 менен күрөшүүгө салым кошкон медкызматкерлерге ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле имаратка 2020-жылы коронавирустан каза болгон оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Темиркан Жарматовага арналып эстелик тактайчасы илинди.

Сүрөт: Облустук администрациянын басма сөз кызматы

Палаталарга концентраторлор коюлуп, бейтаптар үчүн шарттар жакшырган.

Оорукананы оңдоо үчүн Дүйнөлүк банк атайын долбоор менен 18 миллион 348 миң бөлүп берген. Ал эми ремонт иштери дээрлик жети айга созулган.

Аталган оорукананын имараты 1976-жылы салынган. Бирок 45 жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты сегиз ай кечигүү менен пайдаланууга берилген. Ал 100 орунга ылайыкташып, жеңил конструкция менен курулган.

Өлкөдө ооруканалар COVID-19 менен ооруган бейтаптарга толо баштаганда, өкмөт жеңил конструкциядагы жаңы ооруканаларды кура баштаган. Бирок алардын дээрлик баары каражаттын жетишсиздигинен кечигүү менен курулуп бүткөн.