Ташиевдин уулу Аксыда селден каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 500 миң сом берди

УКМКнын башчысынын уулу жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев Аксыдагы селде каза тапкандардын үй-бүлөсүнө 500 миң сом салынган баштыкты тапшырды. Ал үй-бүлөсү менен табият кырсыгынан каза тапкандардын туугандарына акчалай колдоо көрсөтүүнү чечкенин айтты.

«Өзү [УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев] келе албай калды, мени жиберди. Мына бул жерде 500 миң сом акча, чыгымдарыңарга, силерге жардам болсун. Сабыр кылыңыздар. Алланын буйругу ушундай экен эми. Атам келе албай калды, Кудай кааласа жакынкы күндөрү келип калат», — деди депутат.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел 8 адамдын өмүрүн алган, анын ичинен экөө — жаш балдар. Алтоо — бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

ӨКМдин маалыматы боюнча, сегиз адамдын жетөөнүн сөөгү табылган. 5 жаштагы баланын издөө уланып жатат. Издөө иштерине ӨКМдин 15 куткаруучусу, милициянын 7 кызматкери жана 30 жергиликтүү тургун тартылды.

Жалал-Абад облусунун Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл айылдарына Өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Селдин кесепетинен үйлөрдүн короолорун суу каптап, жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыккан.

ӨКМ табият кырсыгынын кесепетин жоюу боюнча бардык чукул чараларды көрүп жатканын белгиледи.Буга чейин президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине селдин кесепетин жоюу боюнча кыска мөөнөттүн ичинде тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырган. Аны менен бирге президент табият кырсыгында жабыркагандарга колдоо көрсөтүү ишин да колго алууну тапшырган.