Зордуктоого аракет кылган шектүү сурак берди. Жабырлануучу аны УКМК кызматкери деп атады

Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында жаш кызды зордуктоо аракети катталды. Бул тууралуу 16-июлда «Акипресс» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, зордуктоо аракети тууралуу редакцияга жабырлануучу өзү билдирген. Кыздын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылы 3-июнда болгон.

Кыздын айтымында, ошол күнү УКМКда иштеген Темирлан аттуу киши аны үйүнө жеткирип коюуну сунуштаган. Бирок, кыздын айтымында, жеткиргендин ордуна унааны Беш-Күңгөй айылын көздөй айдаган.

«Мени унаадан түшүрүп коюу же артка кайтуу тууралуу өтүнүчтөрүмө жооп берген жок. Андан соң мага асыла баштады», — деп айтып берген ал.

Ал Темирланды Бишкекке барууга көндүргөнүн жана эртең менен гана качып кутулганын кошумчалаган.

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы 3-июнь күнү түн ичинде Беш-Күнгөй айылында зордуктоо аракети болгонун «Клоопко» тастыктады.

Алардын маалыматына таянсак, эртеси күнү 4-июнда 2002-жылы туулган жабырлануучу арыз жазган. Факт КЖБРге «Зордуктоо аракети» беренеси менен каттоого алынган.

«Бейтааныш киши аны [жабырлануучуну] үйүнө жеткирип коюуну сунуштаган, андан соң унаанын ичинде эркине каршы зордуктоого аракет кылган», — деп айтып беришти милициядан.

ОИББден издөө учурунда 1993-жылы туулган шектүү табылганын, бирок ал зордуктоого аракет кылганын мойнуна албай жатканын кошумчалашты. Тергөө амалдары уланып жатат.

Бирок милиция шектүү УКМКда иштейт деген маалыматты тастыктап да, төгүндөгөн да жок. Ал эми «Акипресс» УКМКнын басма сөз кызматына таянып, ведомстводо кызматтык териштирүү башталганын жазды.