Түркия Инандыны Кыргызстандын уруксаты жок чыгарып кете албайт болчу — адвокат

Адвокат Таалайгүл Токтакунова кардары Орхан Инанды түрк атайын кызматтары тарабынан уурдалганына байланыштуу президент Садыр Жапаров менен Коопсуздук кеңешине кайрылганын билдирди*.

*Орхан Инанды — «Сапат» лицейлер тармагынын президенти. Түрк бийлиги аны «ФЕТОнун Борбор Азиядагы жетекчиси» деп атап жатат. *ФЕТО — түркчөдөн которгондо «Фетхуллахтын террористтик уюму» деп аталат. Түркия 2016-жылы бул уюмду бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап, Гүлен түптөгөн мекемелерди террористтик деп тааныган.

Токтакунованын айтымында, анда Түркиянын элчиси Ахмет Сыдык Догандын Түркия Кыргызстанда атайын операция жүргүздү деген билдирүүсүнөн кийин кыргыз бийлигинин дарегине бир катар суроолору жаралган.

Догандын пикиринде, Бишкектеги атайын операцияны уурдоо деп айтууга болбойт. Анын айтымында, «кармалып, сотко өткөрүлдү» деп айткан туура. Ошол эле учурда ал Кыргызстандын эгемендигине доо кеткен жок деп белгилеген.

Тема боюнча: Инанды уурдалган жок, сотко өткөрүлдү. Кыргызстандын эгемендигине доо кеткен жок — Түркиянын элчиси

Токтакунова Кыргызстан Кыйноого каршы конвенцияга кол койгонун, кайсыл бир адамды, эгерде ага ал жакта кыйноо колдонулушу мүмкүн деген коркунучка негиз бар болсо, аны башка мамлекетке жөнөтпөшү жана бербеши керек деп билдирди.

Адвокат чет элдик атайын кызмат тийиштүү органдын уруксатысыз өлкө аймагында мындай атайын операцияны жүргүзө алмак эместигин кошумчалады.

«Чет мамлекет тийиштүү органдын уруксаты жок Кыргызстандын аймагында атайын операция жүргүзө албайт. Ошондуктан суроо берип жатам: Түркия кайсыл ченемдик-укуктук актынын же тийиштүү ыйгарым укуктуу органдын уруксаты менен биздин аймакта атайын операция жүргүзүп, биздин жаранды алып кетип жатат? Эгерде биздин маморгандар уруксат берген болсо, анда аны 35 күн издеп, мамлекеттин ресурсун коротуунун кажети бар беле?» — деп суроо салды ал.

Сүрөт: ИА 24.kg, Токтакунованын кайрылуусу

Адвокат президенттен, Конституциянын кепилдиги катары, чет элдик чалгындын өлкө аймагында операция жүргүзүүсүнө уруксат берген чиновниктер ким экенин аныктап жана тактоо үчүн тийиштүү маморганга тапшырма берүүсүн өтүндү.

Орхан Инандынын уурдалышы

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды 31-майда Бишкекте дайынсыз жоголгон. Кыргызстанда ал бир айдан ашык изделип, башка өлкөлөрдөн да Интерпол аркылуу изделген.

Бирок анын дайыны 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өзү Инанды Түркияга атайын операциянын алкагында алынып келингенин билдиргенде белгилүү болгон.

Анын айтымында, Түркиянын Улуттук чалгындоо кызматы (МИТ) «террористтик уюмдун жогорку мансаптуу мүчөсүн» кармап, Түркияга алып келген. Ошондой эле, ал аталган атайын операциянын алкагында Түркияга 100дөн ашуун адам жеткирилгенин билдирген.

«Сапат» билим берүү мекемелери Түркида диниятчы Фетхуллах Гүлендин ФЕТО кыймылы менен байланыштырышат — ал Түркиядатеррористтик деп таанылган.

12-июлда Түркиянын соту Инандыны куралдуу террористтик уюмду башкарууга шектеп камакка алган.

TRT улуттук телеканалдын маалыматы боюнча, Орхан Инанды көрсөтмөсүндө Түркияда террористтик деп таанылган FETO оппозициячыл ислам уюмуна байланыштуу маалымат берген. Журналисттер белгилешкендей, Инанды өкүнүү жөнүндө жобону колдонгусу келбей койгон.

«Фетхуллах Гүлендин террордук уюму тууралуу айтып жатып, Орхан Инанды “террордук уюм” деген сөздү колдонгон эмес», — деп айтылган билдирүүдө.

Орхан Инандынын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз «Азаттыкка» маек куруп, «Сапат» мектебинин президенти Бишкекте кыргыз улутундагы үч киши тарабынан уурдалганын, Инанды аларды буга чейин көрбөгөнүн айтып берген.

Йылмаз Инанды күнөөнү мойнуна албаганын жана тергөө менен кызматташуудан баш тартканын айтып берген. Ошол эле учурда, өзүнүн Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго ачык жооп берген. Ошондой эле, ал Инандыга азырынча айып тагылбаганын белгилеген. Тергөө дагы үч айга уланат.