Садыр Жапаров бардык министрликтерге кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү тапшырды

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 12-июлда COVID-19 дартына каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырганын кабарлады.

Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавируска каршы иммунитетин иштеп чыгуу максатында ушундай тапшырма берген.

Президент өзүнүн администрациясына, министрлер кабинетине, маморгандарга, андан тышкары облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөргө жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылууну тапшырды. Ушундай эле көрсөтмө саламаттык сактоо жана билим берүү министрлигине айтылды.

«Бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат», — деп айтылган билдирүүдө.

Кыргызстанда эмдөө кампаниясы 2021-жылдын март айында башталган. Бирок бул аралыкта маморгандар калкты эмдөөдөн өткөрүү тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөнүн моюндашкан.

Июндун аягында министрлер кабинетинин жыйынында Улукбек Марипов саламаттык сактоо министрлигинин калкты эмдөө боюнча ишин сынга алган. Ал ведомство препараттарды алып келүү жана келишим түзүү иштерин ашыкча создуктуруп жатканын белгилеген.

Андан тышкары бийлик Кытайда өндүрүлгөн Sinopharm вакцинасынын экинчи партиясын дээрлик бир айдан ашык күткөн. Ал 11-июлга гана өлкөгө алып келинген. Ошол эле күнү Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында COVID-19га каршы вакцина алуучу пункттар уюштурулган.

Вакцинанын экинчи партиясында 1 млн 150 миң доза бар, анын бир бөлүгү бюджеттеги каражатка сатылып алынса, 150 миң дозаны гуманитардык жардам катары кытай тарап берген.