Билим берүү министрлиги «тажик студенттери куугунтукталууда» деген маалыматты четке какты

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги «тажикстандык студенттер өлкөдө куугунтукталып жатат» деген маалыматты төгүндөдү.

Министрликтен студенттерди которуу маселеси Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген тартипте караларын билдиришти. Ошондой эле «апрель окуясында ЖОЖдордун жетекчиликтери аларга тиешелүү колдоо көрсөткөнүн» айтышты.

«Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуу процесси көпчүлүк жогорку окуу жайларда дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен онлайн режимде жүргүзүлдү. Ушул тапта бардык студенттер эс алууда жүрүшөт», — деп кошумчалашты министрликтен.

Тажикстандын билим берүү министри Махмадюсуф Имомзода 16-июлда тажикстандык студенттер өз өлкөсүндөгү окуу жайларга которулуу үчүн арыз бериши керектигин айтып, бирок себебин ачыктаган эмес.

Ал эми «Озоди» радиосу студенттер апрель окуясынан кийин басымга кабылганын айтып даттанганын жазган. Басылмада көчөдө, коомдук жайларда басымга кабылгандан кийин өз өлкөсүнө кайтууга мажбур болгон ОшМУнун медицина факультетинде окуганы айтылган студенттин окуясы жарыяланган.

Анткен менен ошол маалда Тажикстандын билим берүү министрлиги Кыргызстандагы студенттерди «ар кандай ушактарга көңүл бурбай окууну улантууга» чакырган.

Чек арадагы куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында башталган. Анда тажик тарап мамычалардын биринде байкоочу камера орнотууга аракеттенген. Бирок кыргызстандыктар буга каршылык көрсөтүп эки тарап бири-бирине таш ыргыта баштаган.

29-апрелде таңга маал Тажикстандын куралчан аскерлери Кыргызстандын чек арага жакын айылдарына чабуул жасаган. Миңдеген адам октон аман калуу үчүн үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон.

Бул окуяда 36 кыргызстандык курман болгон — алардын арасында 33 жай тургун, жаш балдар жана өлкөбүздү коргогон үч аскер кызматкери да бар. Дагы 172 адам жарадар болуп, Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарынан 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Эң көп жоготуулар Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында катталган — анда тажик тараптан атылган миномёттон 25 киши көз жумган.

Куралдуу агрессиядан Баткендин Баткен жана Лейлек райондорунда 140 турак үйү жана 84 объект өрттөлгөн. Мындан сырткары мал-жандыктары жана буюмдары тонолуп, документтери жоголгон.

Ал эми тажик тараптан 90 киши жарадар болуп, 20 киши каза болгон. Ошондой эле, 14 турак үй жана бир мектеп (жарым-жартылай) өрттөлгөн.