Кайра шайлоо. БШК Токмок АШКсынын добуштарды кайра санап чыгуу чечимин жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы Токмок АШКсынын бардык участкалардагы добуштарды кайра санап чыгуу жөнүндө чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

18-июлдагы жыйында БШКнын жумушчу тобу партиялардын баарын, УШКлардын төрагаларын, байкоочуларды, анын ичинде Токмок АШКсынын мүчөлөрүнүн маалыматтарын угуп чыкты.

«УШК төрагалары менен байкоочулардын маалыматтарынын негизинде, шайлоочулардын добуштарын колго саноо Токмоктун бардык 20 шайлоо участкасында мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөнү аныкталды», — деп жыйынтыкташты БШКдан.

Эмне болду?

11-июлда Токмок шаарында жергиликтүү кенештин депутаттарын кайра шайлоо болуп өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешине беш партия өткөн: «Бирге-Вместе», «Эмгек», «Асыл Мурас-Жаштар», «Патриот Ынтымагы» жана «Эл биримдиги».

Жыйынтыгында «Бирге-Вместе» — 9, «Эмгек» — 8, «Асыл Мурас-Жаштар» жана «Патриот Ынтымагы» 5 мандаттан, ал эми «Эл биримдиги» — 5 мандат алган.

Андан кийин, «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» партиялары Токмок АШКсына арыз жазышкан. Ал арызда кээ бир участкаларда шайлоочулардын добуштары кол санактан өтпөй калгандыгын айтышкан.

Натыйжада, 2021-жылдын 16-июлунда Токмок АШКсы шаардын бардык шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алган.

Бирок кайра санап чыгуу чечими Токмок шаардык кенештен мандат алган үч партиянын нааразычылыгын жараткан. Алар БШКга Токмок АШКсынын чечиминин үстүнөн арыз жазышкан.

«Эл биримдиги», «Бирге-Вместе» жана «Патриот Ынтымагы» партиялары АШКнын чечимин негизсиз деп билдиришкен.

Алар арызында Токмок АШКсы чечим кабыл алууда арыздануучулардын кайра эсептөө жөнүндө талаптарынын далилдери менен негиздерин талапка ылайык аныкташкан эмес деп көрсөтүшкөн. Мындан тышкары, ал байкоочулар менен шайлоонун башка катышуучуларын маалымат алуу үчүн чакырбай койгон.