Бишкек: Милиция тууганынын батирин өрттөөгө шектелген жигитти кармады

ӨКМдин басма сөз кызматы 19-июлда Бишкекте Грибоедов көчөсүндөгү үйдүн 12-кабатында батир өрттөнүп жатканын билдирген.

Өрттү өчүрүүгө эки техника тартылып, жыйынтыгында өрт толугу менен саат 17:03тө өчүрүлгөн. ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттүн натыйжасында батирдин 100 чарчы метри күйүп, өрт коңшу батирге да өтүп, анын эшиги жана коридор күйгөн.

Ленин РИИБнин басма сөз кызматы «Клооптун» журналистине билдиргендей, өрт чыккан жерге милиция кызматкерлери келип, факт «Башка бирөөнүн мүлкүн бузуу же жок кылуу» беренеси менен КЖБРге катталган.

Милиция өрт коюуга шектеп 23 жаштагы жигитти кармаган, ал өрттөнүп кеткен батирдин ээсинин тууганы болуп чыккан.

«Батир ээлери кармалганга карата арыз жазуудан баш тартышты», — деп билдиришти милициядан.

Ички иштер башкармалыгы окуянын жагдайларын тактоо уланып жатканын кошумчалады.

Kaktus.Media басылмасы видео жарыялаган, видеодо шектүү өрт койгонун мойнуна алып, бул анын жана батир ээсинин ортосундагы иш экенин айтат.