ДССУ: Эмдөөдө кош бойлуу аялдарга да артыкчылык берилиши керек, алар коркунуч тобуна кирет

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 16-июлда кош бойлуу аялдар коронавирустун коркунуч тобуна кирээрин билдирип, аларды эмдөөнү артыкчылыктуу орунга койду.

«Маалыматтар коронавирус инфекциясы кош бойлуу аялдарды оор кесепетке түртөөрүн көрсөтүп турат. Бул убагына жетпей төрөө коркунучу жогору экенине жана үзгүлтүксүз терапияга муктаж жаңы төрөлгөн ымыркайлар көп болуп жатканына байланыштуу», — деп билдиришти ДССУдан.

Уюмдагылар эмдөө боюнча жол картасында кош бойлуу аялдар эми медкызматкерлер, кары-картаңдар жана өнөкөт оорулары бар адамдардан кийин эле экинчи орунга коюлганын белгилешти. Алардын катарында улуу жаштагы жана өнөкөт дарты бар кош бойлуу аялдар дагы бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аялдарга эмдөө алгандан кийин бала эмизүүнү токтотпоону дагы сунуштады.

«Айрым кыска мөөнөттүү изилдөөлөр бала эмизген энелерди иммундаштыруу ымыркайлар үчүн коркунуч жаратпаганын көрсөттү. Ал эми андан мурдагы маалыматтар иммунитет энеден балага өтөөрүн айгинелеп турат», — дешти уюмдан.

Кыргызстандагы эмдөө

Кыргызстанда 18 жаштан өйдөгүлөргө Кытайдын Sinopharm жана Орусиянын Sputnik V вакциналары сайылып жатат.

Орусиянын вакцинасы 60 жана андан жогору курактагыларда натыйжалуулугун көрсөткөн. Ошондуктан аны менен көбүнесе улгайгандар эмделип жатат.Бирок ал жашы жете электерге, кош бойлууларга жана бала эмизген аялдарга сайыла элек, ошондуктан вакцина адамдардын бул тобуна кандай таасир этери азырынча белгисиз.

Тема боюнча: Вакцина алуу менен коронавирустун жайылышын кантип токтотсо болот? Түшүндүрөбүз

Sinopharm вакцинасы өлкөдө каалоочулардын бардыгына сайылып жатат. 2021-жылдын май айында ДССУ бул вакцинанын кош бойлуу аялдарга тийгизген таасири тууралуу бар маалыматтар азырынча анын кош бойлууларга карата натыйжалуулугу жана кош бойлуулук үчүн коркунучтары боюнча тыянак чыгарууга эртелик кылып жатканын белгилеген болчу.

«Анткен менен бул вакцина инактивациялашкан болуп эсептелет жана кош бойлуулар үчүн коопсуз деп табылган. Ошондуктан Sinopharm’дын кош бойлуулар үчүн натыйжалуулугу боюнда жок аялдардыкындай эле болот деп күтүлүүдө», — деп айтылган билдирүүдө.

Анда ДССУ кош бойлуу аялдар үчүн коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын эмдөөнүн пайдасы кош бойлуу аялда потенциалдуу коркунучтардан жогору болгон учурда колдонууну сунуштаган.

18-июлга карата маалымат боюнча, Кыргызстанда 250 миңден ашык адам эмделди — бул өлкө калкынын дээрлик 4%ы.