Патриарх Кирилл Ысык-Көлдө сабалган өспүрүмдү үй-бүлөсү менен Москвага чакырды

Бүткүл Орусиянын жана Москванын патриархы Кирилл Ысык-Көл облусунда спорттук иш-чарада улуту жана туткан дини үчүн такай ур-токмокко алынган тогуз жаштагы орус баланын үй-бүлөсүнө кат жөнөттү. Бул тууралуу патриархтын басма сөз кызматы билдирди.

Патриарх Кирилл.

Катта ал жабыркаган балага көңүл айтып, «православ ыйык жерлерине зыярат кылып, жаңы достор менен таанышып, ишенимди бекемдөө үчүн» аны үй-бүлөсү менен Москвага келип кетүүгө чакырды.

«Бийлик ар кандай ынанымдагы, улуттагы жана диндеги адамдарга карата келечекте мындай окуялар кайталанбашы үчүн бардык чараларды көрөт деп абдан үмүттөнөм», — деп белгиледи патриарх Кирилл.

Патриархтын басма сөз кызматы белгилегендей, баланын үй-бүлөсүнө Росскызматташтык жардам көрсөтүп жатат. Алардын маалыматына ылайык, баланын үй-бүлөсү Москвага келүүгө даяр. Эгерде ал көчүп кетүүнү чечсе, анда үй-бүлөгө мекендештерди көчүрүп кетүү программасы боюнча жардам көрсөтүлөт.

Ошондой эле Москва патриархынын басма сөз кызматы Бишкек епархиясынын катчысы Александр Пелин өспүрүм жана анын үй-бүлөсү менен жолугушканын кошумчалады.