Кара-Кулжада өспүрүм кызга тиш салган карышкыр муунтулуп өлтүрүлдү

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Коо-Чаты айылынын 36 жаштагы тургуну 13 жашар кошуна кызга тиш салган карышкырды муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 18-июлга караган түнү Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Карагайты жайлоосунда болгон. Эшикке кол чырак менен чыккан 13 жашар кыз короодогу малга кол салган карышкырды байкап калган. Жырткыч кызды көрүп калып, бутунан тиштеп сүйрөгөн.

«Кыздын кыйкырыгын уккан 36 жаштагы кошунасы жардамга келген, бирок карышкыр ага дагы кол салып, найтыйжада ал карышкырды муунтуп өлтүргөн», — деп жазылат маалыматта.

Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек Абилазиз уулу Turmush басылмасына билдиргендей, учурда карышкырдын кутурма оорусу бар-жогун аныктоо үчүн жаныбардын сөөгү Ош шаарындагы лабораторияга жиберилди.

Ал эми жабыркаган тургундар Кара-Кулжа райондук ооруканага жаткырылган. Ош ОИИБден алардын абалы туруктуу экени кабарлашты.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылы карышкырлар фермерлерге болжол менен 28 миллион сомдук зыян алып келген. Ошол эле жылы өлкө боюнча жалпысынан 2 334 жырткыч жаныбар, анын ичинде 382 карышкыр, 19 бөлтүрүк жана 1 933 баш чөө атылган. Аңчыларга беш миллион сомдон ашык каражат төлөнгөн.