Легендарлуу парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов дүйнө салды

«Легендарлуу парламенттин» экс-депутаты, адис-геолог Шергазы Мамбетов дүйнөдөн кайтканы белгилүү болду. Ал дүйнө салганын Kaktus.media’га небереси Улукбек Маратов кабарлады.

Маратовдун айтымында, илимий жана саясий ишмер эки тараптуу пневмониядан улам көз жумган. Ал 84 жашта болчу.

Шергазы Мамбетов деген ким болгон?

Мамбетов геология жана тоо-кен тармагынын адиси, 150дөн ашуун илимий эмгектин автору катары таанымал. Анын ичинде билим берүү министрлиги бекиткен 7 монография жана 20дан ашык методикалык жана окуу куралдары бар.

1976-1992-жылдары Фрунзе политехникалык институтунун доцентинен ректоруна чейинки эмгек жолду басып өткөн. 1990-жылы Мамбетов билим берүү жана илим комитетинин төрагасы жана депутат катары «легендарлуу парламенттин» курамына кирген.

Кийин ал илим жана өнөр-жай боюнча парламенттик комиссияны жетектеген — өкмөткө караштуу Минералдык-сырьелук ресурстарды комплекстик өздөштүрүү боюнча мамлекеттик комиссия. Мамбетов Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу эң биринчи парламенттик комиссияны жетектеген.

1996-жылы Мамбетов илимий иштерге кайтып келген. Өмүрүнүн аягына чейин Б.Н.Ельцин атындагы КОСУнун тоо-кен иштеринин физикалык процесстери кафедрасында сабак өтүп жүргөн.

Техникалык илимдердин доктору, профессор, геомеханика, минералдык ресурстарды комплекстүү өздөштүрүү жана пайдалуу, кен байлыктарын иштедүүдөгү салттуу эмес технологиялар боюнча сабак берген.Мындан тышкары, Геолог жана тоо-кен өнөр-жайчылар ассоциация башкармалыгынын жана Улуттук аттестациялык комиссиянын геологиялык жана тоо илимдери боюнча эксперттик кеңештин курамына кирген.

2021-жылдын май айында, «Күмтөргө» тышкы башкарма киргизилгенден кийин Мамбетов жана «легендарлуу парламенттин» башка депутаттары басма сөз жыйын курушкан.

Мамбетов Кумтөрдөгү мыйзам бузууларга качкын президент Аскар Акаев күнөлүү деп билдирген.

Анын айтымында, ошол жылдары Аскар Акаев башында турган өлкө жетекчилиги «акылга сыйбаган саясат жүргүзүп», Кумтөр конкурстук тандоосуз эле Канаданын «Камеко» компаниясына өтүп кеткен.

«Мен “алтын комиссиясынын” төрагасы элем, кенди иштетүүнүн жолун табыш үчүн 9 депутат 9 ай иштегенбиз. Бирок Аскар Акаев башында турган өлкө жетекчилиги акылга сыйбаган саясат жүргүзүп, пайданы гана көздөгөн чет элдиктер менен байланыш түзгөн», — деп айткан Мамбетов.