Тизме: Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады

Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Садыр Жапаров облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн дайындады. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматы 22-июлда билдирди. Жапаров Ош облусунун башчысын гана алмаштырды. Ал эми калган облус өкүлдөрү алмашкан эмес.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Зиядин Жамалдинов дайындалды. Ал эми Жарасул Абдураимов Финансы жана экономика министри Акылбек Жапаровдун орун басары болуп дайындалды.

Бакытбек Нарбеков — президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Эркин Тентишев — Чүй облусундагы өкүлү;

Абдикарим Алимбаев — Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Сабыркул Ашимбаев — Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Мирбек Кожоев — Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

Абсаттар Сыргабаев — президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалышты.

16-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр институту президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту болуп кайра түзүлөт. Ошондой эле, өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аткаруу бийлигин жетектеген президентке, анын ичинде министрлер кабинетинин төрагасына түз баш ийет.