Токмокто «Эл Биримдиги» партиясы шайлоодон четтетилди

Kaktus.Media басылмасы Токмокто аймактык шайлоо комиссиясы 22-июлда «Эл Биримдиги» партиясын шайлоодон четтетүүнү чечкенин билдирди.

Алдын ала себеби деп добуш сатып алуу аталды. БШКнын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына «Эл Биримдиги» партиясы боюнча комиссияга документтер келе электигин билдиришти.

Мурдараак Kaktus.Media Чүй ОИИБинде «Эл Биримдигинин» үгүтчүсү тарабынан добуш сатып алуу фактысы катталганын дагы билдирген. Милицияга бул боюнча «Эмгек» жана «Асыл Мурас Жаштар» партияларынын өкүлдөрү кайрылышкан.

11-июлда Токмок шаарында жергиликтүү кенештин депутаттарын кайра шайлоо болуп өттү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Токмок шаардык кеңешине беш партия өткөн: «Бирге-Вместе», «Эмгек», «Асыл Мурас-Жаштар», «Патриот Ынтымагы» жана «Эл биримдиги».

Жыйынтыгында «Бирге-Вместе» — 9, «Эмгек» — 8, «Асыл Мурас-Жаштар» жана «Патриот Ынтымагы» 5 мандаттан, ал эми «Эл биримдиги» — 4 мандат алган.

Андан кийин, «Эмгек» жана «Асыл Мурас-Жаштар» партиялары Токмок АШКсына кээ бир участкаларда шайлоочулардын добуштары колго саналбаганын айтып арыз жазышкан. Натыйжада, 2021-жылдын 16-июлунда Токмок АШКсы шаардын бардык шайлоо участкаларында шайлоочулардын добуштарын кайрадан эсептеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алган.

Бирок 18-июлда БШК Токмок АШКсынын бардык участкалардагы добуштарды кайра санап чыгуу жөнүндө чечимин жокко чыгарган.