«Клооптун» оператору добуш сатып алуу боюнча материалы үчүн Ош ШИИБге суракка чакырылды

Хамидулло Узаков

«Клооптун» оператору Хамидулло Узаков Ош ШИИБге суракка чакырылды. Ал 24-июлда саат 11:00дө «Шайлоочуларды сатып алуу» беренеси менен катталган иш боюнча күбө катары сурак берет.

Узаков 11-июлда өткөн кайра шайлоодо Ош шаарындагы участокторду кыдырып, шайлоо учурундагы мыйзамсыз көрүнүштөрдү чагылдырган.

Ош мэриясынын маңдайында жайгашкан №5278 шайлоо участогуна келгенде унаада отурган кишилер шайлоочуну добушканага кирерден мурда сүрөткө тартып, ал шайлап чыккандан кийин ага акча бергенине күбө болгон. Бирок бул учур тасмага тартылбай калган.

Андан кийин Узаков камераны жандырып барып, унаада отурган шектүү аялдардан түшүндүрмө алууну каалаган. Акча берген аялга «колуңузда тизме бар экен, үгүтчүсүзбү» деп суроо салган. Анда аял «үгүтчү эмес экенин» айтып, колундагы тизмесин жана капчыгын жашырууга аракет жасаган.

Ал эми шайлап чыгып, акча алган аял да оператордун суроолорун жоопсуз калтырган.

Ошол учурда сары түстөгү кофтачан дагы бир кыз унаага келип, акча берген аял менен сүйлөшүп шайлоо участогуна кирип кеткен. Узаков кыздын артынан барып интервью алганга аракет кылганда ал добушканадагы байкоочулардын жанына барып отуруп алган.

Оператор участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымынан байкоочу кыздын кайсы уюмдан экенин тактап жатканда, кыз кыжаалат болуп добушканадан шашылыш чыгып кеткен. Оператор анын артынан чыкканда ал «Ак кызмат» коомдук бирикмесинен байкоочу экенин гана айтып, башка суроолорго жооп бербей участоктон такыр эле кетип калган.

Ал арада өзүн «кыздын апасымын жана жөнөкөй шайлоочумун» деп тааныштырган аял операторго съемка жүргүзүүгө тоскоолдук кылган. Аял сөгүнүп, «Клооптун» операторуна орой мамиле жасап чагымчылдык кылган. Аталган аял башка журналисттердин тарткан сүрөт-видеолоруна да түшүп калган. Эгерде ал чындыгында шайлоочу болгондо, участоктун жанында эртеден кечке чейин жүрмөк эмес. Ошондуктан аталган аял да добуш сатып алууга тиешеси бар болушу мүмкүн деген божомол бар.

Аягында өзүн байкоочу деп тааныштырган кыз расмий тизмеден чыккан эмес. Кийинчерээк «Ак-Кызмат» коомдук бирикмеси болсо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясын шайлоого баштап барган Сонунбек Жунусбаевге жетектээри белгилүү болгон. Мындан сырткары бирикменин дареги катары Ош мэриясынын имараты көрсөтүлгөн.

«Сулайман-Тоо» аймактык муниципалдык башкармалыгын жетектейт. Кайра шайлоодо «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы эң көп добушка ээ болуп, 19 мандат алат.

Кененирээк окуңуз: Видео: Ошто акча тараткандар менен «Ата-Журт Кыргызстандын» кандай байланышы бар?