Ош АШКсы кайра шайлоонун жыйыныгын тааныганы менен мандат кимдерге берилери аныктала элек

Ош шаарындагы №5278 шайлоо участогу 11-июлда. Сүрөт: Зарина Маматжанова / Клооп

Ош шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда шаардык кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын таанып, мандаттардын санын бөлүштүрдү. Маалыматты «Клоопко» Ош шаардык АШКсынын төрагасы Урмат Аттокуров тастыктады.

Аттокуровдун айтымында, шайлоону таануу боюнча чечим комиссиянын 15-июлундагы отурумунда кабыл алынган. Ага ылайык, Ош шаардык кеңешке төрт партия өттү: «Ата-Журт Кыргызстан» (19 мандат), «Биздин Кыргызстан» (15 мандат), «Улуттар биримдиги» (7 мандат) жана «Бир Бол» (4 мандат).

Ошол эле күнү Ош шаардык АШКсынын чечими Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилген. Бирок Аттокуров так кайсы талапкерлерге мандат бериле турганы белгисиз экенин билдирди. Анткени партиялар башында көрсөткөн талапкерлердин катар номурун жыйынтыгында өзгөрүлүшү мүмкүн дейт.

Ал эми Боршайкомдон «Клоопко» Ош шаардык кеңешке өткөн талапкерлердин тизмеси жакынкы күндөрү өтө турган отурумда аныктала турганын билдиришти. Бирок отурум качан өтүшүн айта алышкан жок.

Буга чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шаардык кеңешке өткөн шайлоону таанып, депутаттардын тизмесин жарыялаган. Бишкек шаардык кеңешке алты партия өткөн.

«Фактчек» басылмасы Бишкек шаардык кеңешке өткөн дээрлик бардык партиялар талапкерлердин тизмелерин өзгөрткөнү аныктаган. Мисалы, «Эмгек» партиясында 44чү болуп турган «Дордой» базарынын башкы директору Жумабек Салымбеков 10чу орунга жылдырылып, мандатка ээ болгон.

Ош шаардык кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин үч партия анын жыйынтыгын тааныбай, жокко чыгарууну талап кылган. Партиялардын өкүлдөрү шайлоодо добуш сатып алуу, админресурс жана мыйзамсыз үгүт жүргүзүү сыяктуу мыйзам бузуулар болгонун айтышкан.

Буга чейин Боршайком Ош, Бишкек, Токмок шаардык кеңешке 11-апрелде өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мындай чечимге аталган шаарлардагы участкаларда шайлоочуларды жапырт каттоо, добуш сатып алуу сыяктуу, админресурстун колдонулушу жана мыйзам бузуулар массалык мүнөзгө ээ болгону себеп болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош ШИИБи: Шайлоочуларга 1 500 сомдон тараткан киши кармалды

«Ынтымак» партиясы Ош шаарында шайлоого катышуудан баш тартууга аргасыз болду. Эмне үчүн?

Ош: «Биздин Кыргызстандын» талапкери шайлоо участогунда үгүттөп жүргөнү айтылды