Ош: Жерге берилген аялдын сөөгү бир жумадан кийин кайра казылып алынды

Иллюстративдик сүрөт. Автору: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Ош шаарында өз жанын кыйды делген аялдын сөөгү бир жумадан кийин күйөөсүнүн арызына байланыштуу эксгумацияланды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы аялдын сөөгү 8-июлдан 9-июлга караган түнү саат 1:30 чамасында өз үйүнөн асынган абалда табылган. Анын күйөөсү Орусияда болгондуктан, милиция сөөктү маркумдун төркүнүнө бербей күтүп турган.

9-июлдун кечинде күйөөсү учуп келип, аялды экспертизага берүүдөн баш тартып сөөктү алып кетишкен.

Бирок төрт күндөн кийин маркумдун күйөөсү милицияга сөөктү эксгумация кылуу боюнча арыз жазган. Ал «үйүндө аялы чогултуп жүргөн ири суммадагы акча жоголгонун» айтып, аны «кимдир-бирөө өзүн өлтүрүүгө жеткирген болушу мүмкүн» деп билдирген.

«Ошол акчадан эч нерсе калбаптыр. Акчаны бирөө коркутуп алып, акчаларды ордуна коё албай, аялым коркконунан асынып алышы мүмкүн. Бирөө коркутуп, токмоктоп алып кетиши мүмкүн», — деп арыз жазган ал.

Мындан улам милиция «Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш баштаган. Ал эми 14-июлда аялдын сөөгү казылып алынып, экспертизадан өткөрүлгөн. Учурда анын жыйынтыгы чыга элек.

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Ош облусунунун Алай районунда 25 жаштагы аял өз үйүндө асынган абалда табылган. Анда маркумдун апасы «кызым өзүн-өзү асмак эмес» деп милицияга арыз жазып, өлүмдүн себебин териштирүүнү талап кылган.