Улукбек Марипов Баткен районунун сел жүргөн аймактарына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында Баткен районундагы сел жүргөн бир катар айылдарына барды.

Марипов селдин кесепетинен жабыркаган турак жайлардын жана социалдык объектилердин абалы менен таанышып, тургундар менен жолукту. Ал өз сөзүндө өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп жаткандыгын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кошумча күчтөрү тартылгандыгын белгиледи.

«Адамдардын коопсуздугу баарынан жогору турат, өзүнүн жана жакындарынын өмүрү үчүн кооптуу шартта жашоо мүмкүн эмес», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

20-июлда райондун Газ жана Согмент айылдарында кайрадан сел жүрүп, ондогон үйлөрдү кум аралашкан ылай суу каптаган — сайдын боюндагы үч үйлөр да «кооптуу» деп табылган. Мындан сырткары, сел Газ — Согмент унаа жолунун 2,5 чакырымын шагылга толтурган.

Анткен менен Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан айылдарынын тургундары «Марипов келген жок» деп нааразы болушту. Ак-Сай айылынын 30дай тургуну 22-июлда облустук администрациянын алдына митингге чыгышты.

Алар апрелдеги чек ара жаңжалында күйүп кеткен үйлөрдүн курулушу эки айдан ашуун убактыттан бери башталбай жаткандыгын айтып, облус башчысы Абдикарим Алимбаев жана Баткенде жүргөн Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов менен жолуктурууну талап кылышкан.

Ал эми президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн «Клоопко» Мариповдун иш-сапары сел кеткен аймактар менен байланыштуу болду деп билдиришти.

«Чек арадагы айылдардын тургундары менен жолугушуу болгон эмес, Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Лейлек районунун Максат айылындагы калыбына келтирүү иштери менен таанышып, курулуп жаткан үйлөрдөн кабар алган. Чек арадагы айылдарга жана эл менен жолугушуулар башка иш сапары менен келгенде болот», — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Мариповдун Баткенге жасаган сапары жана бийликтин убадасы

Марипов 21-июлда Баткен облусуна жумушчу сапары менен келген. Ал Лейлек районунун Максат айылына барып, жаңжалда өрттөлгөн мектеп толугу менен калыбына келтирилгенин билдирди. Ошондой эле ал аталган айылдагы жабыркаган турак жайлардын 10унун курулушу жыйынтыкталып, 40 үйдүн курулушу 70%га бүткөрүлгөнүн айтты.

Андан сырткары, Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө курулуп жаткан турак жайлардын курулушу менен таанышты.

*Чек арада каза болгон 36 жарандын үй-бүлөлөрүнө 10-майда «Ихлас» курулуш компаниясы Баткен шаарынын аймагында үйлөрдү сала баштаган. «Ихлас» курулуш компаниясынын жетекчиси Нурбек Осмонов — ал депутат Айбек Осмоновдун бир тууган иниси.

Апрель айынын аягында тажик аскерлеринин аскерий агрессиясынан улам Баткен облусундагы 140 үй бүлө турак жайсыз калган. Өкмөт жабыркагандардын үйлөрүн гана куруп берүүнү убадалаган, бирок алардын уурдалган мал-мүлкүнө жоопкерчилик албайт. Ал эми президент Садыр Жапаров май айында Баткенде эл менен жолукканда «турак жайлар эки айдын ичинде тургузулат деп убада кылган болчу.

Бир нече коомдук уюмдардын кызматкерлеринен турган ыктыярчы топ Баткенде курулуп жаткан үйлөр жеңил конструкцияда болуп, коопсуздук талаптарына жооп бербейт деп билдирген.