Министр Бейшеналиев Кыргызстан коронавирустун үчүнчү толкунунан өткөнүн айтты

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg басылмасына курган маегинде Кыргызстан коронавирустун үчүнчү толкунун басып өткөнүн билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, жуктуруунун жаңы учурлары басаңдап баратат, ал калкты эмдөөнүн негизинде дагы азаят.

«Балдар сентябрда кадимкидей эле окууга барып калышы үчүн эмдөөнү тездетип жатабыз. Жаңы дем берүүчү ыкмаларды таап жатабыз. Мисалга, вакцина алгандарга бонус берилет — 10 гигабайт интернет», — деди Бейшеналиев.

Анын айтымында, азыркы учурда ведомство кафе жана ресторандар менен вакцина алгандарга арзандатуу берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

«Коомдук тамактануу жайлар мындай иш-чараларга макул. Анткени, алар дагы ишин кадимкидей алып баргысы келет», — деп кошумчалады министр.

Эгерде өлкөнүн бардык калкы эмдөө алса, Кыргызстанда төртүнчү толкун болбой деле калышы мүмкүн экенин кошумчалады министр. Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну туу чокусуна келгенин Бейшеналиев 12-июль күнү парламентте айтып чыгып, айдын аягында оору басаңдап калат деп божомолдогон.

Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну июндун орто ченинде башталган — анда бийлик күн сайын 1000ден ашык жуктуруу учурун каттаган.

Бирок республикада экинчи күн катары менен коронавирустун 1000ге жетпеген учуру катталууда.

11-июлда Кыргызстанга млндон ашык доза Sinopharm кытай вакцинасы келгенден кийин жарандар эмдөөдөн күжүрмөн өтө баштады. Буга чейин эмдөө темпи төмөн болуп жаткан — элдин болгону 1,5%ы гана вакцина алган.

Кыргызстанда марттан баштап жалпысынан вакцинанын биринчи дозасы 355 миң адамга сайылды, ал эми экинчи дозасын 108 миң адам сайдырды.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 158 120 учуру катталды. Андан бери 2 261 бейтап көз жумду.